Яндекс.Метрика

Кириш соз

Жазылып алынган материалдарга караганда, эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнүн варианттары көп, ал эми "Сейтектин" варианты аз. Эл ичинде эпостун биринчи эки бөлүмү көбүрөөк айтылып, кеңирээк тараган. Ошол көбүрөөк айтышына жараша, жомокчуларды же "манасчы" же "семетейчи" деп атаган.

***

Эпостун негизги мазмууну, анын идеясы эпостун чыгышына себеп жана негиз болгон окуяларга байланыштуу экендиги талашсыз. Маселе ошол окуялардын кайсы жана кандай мүнөздө экендигинде.

Кыргыз урууларынын биримдиги X кылымда кара кытайлар тарабынан бузулгандан берки тарыхый окуялар эпостон орун алды, дедик. Кара кытайлардын чабуулунун негизги максаты кыргыз урууларынын жашаган жерлерин, күн көргөн мал-мүлкүн тартып алып, аларды кулдандырып, эзүүгө багытталгандыктан, кыргыздар жерин, мал-мүлкүн, элдигин, кыскасы, өмүрүн сактап калуу үчүн аянбай аракет кылган. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде көпчүлүк тарабынан айтылып жүргөн пикир - эпостун негизги идеялык мазмууну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир, биздин оюбузча, чындыкка туура келет. Ал эми кээ бир варианттарында учураган агрессивдүүлүк мотивдер эпостун духуна да, чыныгы тарыхка да эч туура келбейт, алар патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн талабы боюнча эпоско жугузулган дат катарында каралыш керек.

Кол салган баскынчы жоолордон коргонуу үчүн согуштук күч жыйноо керек  болгон, аларды башкарып, душманга туруштук берүү үчүн кажыбас кайраттуу, айлакер кол башчы баатырлар керек болгон. Мына ошондуктан эпосто эрдикке, баатырлыкка, айлакерликке, башкаруучулукка айрыкча  бурулат.

Күчтүү калың жоого каршы жалгыз жарым адамдар, канчалык баатыр болсо да, эч нерсе кыла албайт эле. Аларга туруштук берүү үчүн кыргыз урууларынын башын кошуп, биримдик түзүү керек эле. Мына ошондуктан кыргыз урууларынын башын кошуу мотиви да эпостон чоң орун ээлейт.

Албетте, кыргыз эмгекчилери жалаң сырттан келген душмандардан гана запкы тарткан эмес. Элдин башына өтө оор катаалдык түшкөн учурда, эпостун биринчи бөлүмүндөгү Көзкамандар сыяктуу душманга жардам берген, ичтен чыккан жоолордун кордугу да оңой болгон эмес. Баскынчы душмандардын коркунучу бир аз басаңдай түшкөн кезде, Чынкожо, Толтой. Көбөш кан, Канчоро сыяктуу кара ниеттер да заардуу тырмагын салып, элди аябай кыйнаган, Элдин таламын көздөгөн чыныгы баатырлар башкаруучулук тизгинди колго алып, аларга да тайманбай каршы чыккан.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.