Яндекс.Метрика

Кириш соз

Дискуссияга чейинки макалаларда эпостун варианттарындагы элдик эмес идеологиялык катмарларга жеткиликтүү сын берилбей келген болсо, дискуссия кезиндеги бирин-эки макалада жана сөздөрдө ал катмарларды өтө  апыртып көрсөтүү аркылуу эпостун элдик мүнөзүн тануу аракеттери байкалды. 1952 жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комнтетинин демилгеси менен өткөзүлгөн илимий сессия "Манас" эпосу боюнча ошого чейинки жүргүзүлгөн бардык иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Бул сессияга кыргыз окумуштуулары жана жазуучулары менен катар Москва, Ленинград шаарларынын жана бир тууган респубикалардын окумуштуулары катышты. Алар эпостун варианттарына аздыр-көптүр сын беришип, эпосту изилдөөгө жана жарыялоого байланыштуу көңүл бурарлык бир кыйла жаңы пикирлерди айтышты. Сессияда талкуу иретинде негизги маселе – "Манас" эпосу кыргыз эмгекчилеринин таламын көздөгөн элдик чыгармабы же патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн   таламын көздөгөн реакциячыл эпоспу деген маселе коюлду. Бул маселени сессияга катышкандардын басымдуу көпчүлүгү эпостун негизи элдик деген корутундуга келишти. Негизи элдик болуу менен катар эпостун жазылып алынган кээ бир варианттарында (асиресе Сагымбай Орозбаковдун вариантында) эмгекчи элдин духуна карама-каршы келген бай-манапчыл идеологияны көрсөткөн мотивдер гана эмес, айрым эпизоддор да бар экендиги аныкталды. Андай чоочун идеологиялык катмарлар жомоктун ички мазмуну менен данакерлешпестен, үстүрт, жолбун малдай обочо бөлүнүп тургандыгы, эпосту андай катмарлардан арылтуу зарылдыгы айтылды.    Эпостун толук тексттин мүмкүн кадары жакын аранын ичинде кыргызча, орусча жарыялоо максатында, эл оозундагы варианттарды дагы жыйноо боюнча, эпостун составын, анын негизин, андагы жасалма түрдө киргизилген катмарларын анализ кылуу боюнча илимий иштердин кеңири жүргүзүлүшү зарыл деп табылды.

Эпостун фондудагы варианттарынан бириктирилген кыскача вариант түзүп жарыялоонун мүмкүн экендигине шек келтирген ораторлор да (мис. проф. А.К.Боровков, проф. Л.И.Климович) болду.Сессияга катышкандардын көпчүлүгү бир нече варианттан бириктирилип жарыяланган армян эпосу "Давид Сасунский",карелфин эпосу "Калевала" сыяктуу; элдик чыгармаларды бириктирүүнүн тажрыйбасына таянып, "Манастын" кыскартылып бириктирилген вариантын жакын арада басмага даярдоонун мүмкүндүгүн жана зарылдыгын кубатташты.Эпосту изилдөө ишин өрчүтүү үчүн ал илимий сессиянын чоң маанилүү материалдары Академиянын, тил жана адабият институту тарабынан эбак эле жарыяланыш керек эле [Сессиянын материалдарынан проф. А. К. Боровков менен проф. Л. И. Климович гана өздөрүнүн сөздөрүн 1952 ж. "Дружба народов" журналынын 5-санында жарыялашты.]. Ошол эле институттун архивинде 1948 жылдан бери жарыяланбай жаткан материалдардын дагы бир жыйнагын көрсөтө кетүү  зарыл. Бул жыйнакта "Манасты" 1930 жылдардан бери изилдеген эмгектеринин корутундусу түрүндө жазылган проф. М. Ауэзовдун, эпостун чыгыш доору жана "Манас" деген аттын теги жөнүндө проф. А. Н. Бернштамдын, эпосту изилдөө маселелерине жана анын библиографиясына арналган проф. Н. Н. Берковдун эмгектери, "Манаска" арналган К. Рахматулиндин диссертациясы сыяктуу маанилүү эмгектер бар.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.