Яндекс.Метрика

Кириш соз

Ак падышаны Манастын досу кылып көрсөткөнүнө караганда, жомокчу угуп отурган элдин түрүнө карай, эпоско тиешеси жок нерселерди кошуп жиберет экен, дейт В.Радлов. Эпостун варианттарын изилдөөдө В.Радловдун бул пикиринин чон мааниси бар. Кыргыз эпосундагы каармандар менен тектеш элдердин эпостору ортосундагы байланыштыктар жөнүндө, эпостун чыгыш шарттары жана анын эл оозунда өнүгүшү жөнүндө, ырларынын түрлөрү, жомокчулар ж.б. жөнүндө В. Радлов көп көңүл бурарлык пикирлер айткан.

Революцияга чейин кыргыз оозеки адабиятын жыйноо бирин серин гана адамдардын өз демилгелери боюнча жүргүзүлгөн. "Манас" жомогун жыйноо, жарыялоо жана изилдөө боюнча чыныгы иштер Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана жүргүзүлө баштады. Элдик искусствону өнүктүрүү жөнүндө Коммунисттер партиясы тарабынан камкордук көрсөтүлүү натыйжасында, 1920 жылдардан тартып атайын каражат белгиленип, эл оозундагы адабият мурастары пландуу түрдө жыйнала баштады. Ушул күндө Кыргыз Илимдер Академиясынын фондусунда белгилүү манасчылардан жазылып алынган "Манас" жомогунун он үч варианты бар. Ч. Валиханов менен В.Радловдун варианттарын кошкондо, он беш вариант боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө болот. Эл оозундагы варианттарды жыйноо боюнча иш, али да болсо, улантылууда.

Эпостун варианттарын жыйноо менен катар алардын үзүндүлөрүн жарыялоо жана эпосту изилдөө боюнча да бир кыйла иштер жүргүзүлдү. 1925 жылы жомокчу Тыныбектин айтуусу боюнча жарыяланган "Семетейдин" үзүндүсүнөн баштап. "Манас" менен "еметейдин" айрым эпизоддору кыргыз тилинде (асиресе 1930-1940 жылдары) китепчелер түрүндө басылып чыкты. 1946 жылы "Чоң казат" зпизоду (Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча) орус тилине которулуп, иллюстрацияланып, Москвада жарыяланды.

Ата мекендик согушка чейин совет окуучуларын кыргыз эпосу жана аны айтуучулар менен кыскача тааныштырган макалалардан адабиятчы Е. Мозольковдун (1937 ж.), котормочу Л. Пеньковскийдин (1938 ж.), этнограф С. Абрамзондун (1940 ж.) ж.б. эмгектерин атоого болот. Эпосту аздыр көптүр изилдөөгө арналган эмгектер согуш жылдары жана андан кийинки  эки-үч жыл ичинде К. Рахматулин, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, А. Н. Бернштам, М. И. Богдановалар тарабынан жарыяланды. Булардын ичинен маркум Калим Рахматулин тарабынан кыргызча жазылып 1942 ж. басылган "Манасчылар", 1943 ж. орус тилинде жарыяланган "Улуу патриот - укмуштуу Манас" аттуу эмгектер кеңирээк алынып жазылгандыгын айта кетүү зарыл. Мындан башка да, айрыкча 1952 жылы эпос боюнча жүргүзүлгөн талкууга байланыштуу көп макалалар басылды.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.