Яндекс.Метрика

Кириш соз

Алгачкы изилдөөлөр боюнча басма сөздө жана илимий жыйналыштарда эпостун чыгышы жөнүндө азырынча айтылган үч божомол (гипотеза) бар: 1) Енисейлик  Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам), 2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев), 3) Жунгар доорунда (XVI- XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).

Бул божомолдордун биринчиси эпосто орун алган окуяларды Орхон – Енисей эстеликтеринде аталган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон уруштарга, IX кылымда өздөрү кол салган уйгурларды жеңип, кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянат.

Экинчи гипотеза "Манас" жомогунда учураган кээ бир тарыхый фактылар менен катар, этнографиялык, лингвистикалык жана географиялык маалыматтарга, алардын граждандык тарыхка байланышып турушуна сүйөнөт. Ошол фактыларды кыскача эскерте кетелик.

Эпос бардык варианттарда кыргыз урууларынын бытырап тарап, Ороздунун (кээ варианттарда Ногойдун) уулдарынын ар жерлерге сүрүлгөндүгүн баяндоодон башталат. Жомоктун кээ бир варианттары боюнча Кытайдын Алооке канынын баскынчылыгы натыйжасында кыргыздардын бирдиги бузулуп, бытырандылыкка учурайт. Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу.

Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, орон-кой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын  да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк  урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Кашкардык Махмуддун маалыматы менен аныкталат [Махмуд Кашгари. Divanü luwat-ət-türk. Туркчө басылышынын I томунун баш сөзүндө.].

Эпосто айтылган кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя X кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн кара кытайлардын (алардын дагы бир аты  кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет, Мына ушундан кийин кыргыз урууларынын Ала-Тоо тарабына бириндеп өтүшү күчөй баштайт. Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып, бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес. Ошол эле кара кытайлар кыргыздардан кийин Борбордук Азиядагы элдерди (мунун ичинде ошол кезде "чин" деп аталган азыркы кытай элинин түндүк тарабын) каратып алуунун натыйжасында өзүнүн "кытай" деген атын ошол элдерге да тараткандыгы тарыхта маалим [В. В. Бартольд. Очерки истории Семиречья. Фр., 1943. б.32; "Киргизы", Фр., 1943, б.38.].

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.