Яндекс.Метрика

Кириш соз

Кыскача айтканда, тарыхта улам арылаган сайын, уруулар ортосунда жана элдер арасында кагылыш-тартыштар көп болуп, андан элдин тарткан азабы ого бетер оор болгон деп түшүнүү керек.

Андай окуялар тарыхтан, тил жана адабият эстеликтеринен орун албай койгон эмес. VI-VIII кылымдарга тийиштүү Орхон – Енисей эстеликтери мына ошол тарыхый окуялардын четин гана эске салат. Ошол жазуулардын биринде, мисалы Сухондогу таштагы Күлтегиндин эстелигинде "Биз найза бойлобогон кардуу жерден жол салып, Көгмөн тоосун ашып түшүп, түнүчүндө уктап жаткан кыргыздардын таш-талканын чыгардык" деп жазылган [С. Е. Малов. Памятники древнетюркской письменности. М. — Л. 1951, стр. 32.]. Бул – ошол VIII кылымдагы түрктөрдүн байыркы кыргыз  урууларына жасаган казаттарынын бири гана. Кыргыз урууларына каршы болгон буга окшогон бзскынчылык казаттар байыркы уйгурлар (VIII-X кылымдар), кидандар (кара кытайлар, X-XII к.), монголдор (XII-ХШ к.), манжуулар, ойроттор, жунгарлар (калмактар, XVI-XVIII к.) ж. б. уруулар, элдер тарабынан VIII-XVIII кылымдарда, башкача айтканда миң жылдар бою орун алып келгендиги кытай жана башка азиялык, европалык элдердин тарыхында эчак маалым. Ушунчалык узак убакыттын ичинде улам үстөкө-босток кайталап турган баскынчылык чабуулдардын, кызыл кыргын согуштардын натыйжасында тарыхта белгилүү нечен-нечен уруулардын жана бүт элдердин дайыны чыкпай кетти. Мына ошондой татаал кезеңдерде аты өчүп кетпестен, өзүнчө элдигин сактап калган калктардын бири  кыргыздар.

Албетте, кыргыздардын элдигин сактап келишинин толгон себептери бар. Ошол көп себептердин ичинде тыштан келип кол салган жоого каршы элдин башын кошуп, баштап чыгуучу ары акылман, ары баатыр, Манас, Бакай, Кошой, Семетей, Каныкей, Айчүрөк, Сейтек, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Күлчоро сыяктуу эл коргогон эрлердин болушу чоң мааниге ээ. Бул аталган баатырлардын ысымдары граждандык тарыхка туура келе койбостур, бирок алар – реалдык турмушта болгон баатырлардын көркөм чыгармада калган элеси. Ошондуктан да "Манас" жомогу граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос.

"Манас" эпосу кыргыздардын өткөн доордогу коомдук экономикалык мамилеси, идеологиясы, кайсы элдер менен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат.

Мына ошондуктан, "Манас" эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бнр энциклопедиясы деп кароого болот.

***

"Манас" жомогу качан, кайсы доордо өз алдынча жомок түрүндө пайда болду? - деген суроо туулат.

Бул суроого толук жооп берүү үчүн, эпостон орун алган тарыхый окуяларды, идеологиялык мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилдик формасын, сюжеттик сызыгын, варианттардын ортосундагы айырмаларды, каармандардын образдарын, алардын граждандык тарыхтагы фактылар менен байланышын ж. б. маселелерди терең изилдөө керек. Бул маселелерди кеңири талдоо үчүн келечекте далай эмгектер, атайын монографиялар жазылууга тийиш. Бул кириш сөздө биз айрым маселелер боюнча өзүбүздүн кыскача гана жеке пикирлерибизди айта кетмекчибиз.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.