Яндекс.Метрика

Кириш соз

Жаңы окуялардын улам кошулушуна байланыштуу эпостун идеялык мазмуну артып, көркөмдүгү ого бетер жетиле берген. Жомоктун байыркы сюжетине негиз болгон баатырлык идея бара-бара элдин ички душмандарына каршы күрөшүү, боштондукка жетүү идеялары менен тереңдей берген. Барган сайын кооздолуп, калыптанып келаткан мурунку каармандардын катарына жаңы образдар кошулуп, алар аркылуу кыргыз урууларынын күндөлүк турмушу, алдыңкы адамдарынын кулк-мүнөзү, ой-санаасы кеңирирээк сүрөттөлүп отурган. Демек, эпостун көлөмдүүлүгү анын ички мазмунунун улам байып, жетилип тургандыгына да байланыштуу деп, түшүнүү   керек.

"Манас" эпосун изилдөөчүлөрдүи эсеби боюнча эпос бир миллиондон ашуун сап ырдан турарын [  "Манас" эпосуна арналган жыйнактын кириш сезүн караныз. Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 2; дагы караныз: В. М. Жирмунский. Введение в изучение "Манаса", Фр., 1948, б. 5.] эске ала турган болсок, кыргыз тилинин байлыгын, элдин чыгармачылык шыгын байкоого болот. Көркөм сөздүн эң баалуу түрү  чылк ыр менен түзүлгөн бул эбегейсиз зор эпопеядан боёктун даана түстөрү менен чебер тартылып, бири-биринен ташка тамга баскандай айырмаланып турган ондогон каармандардын портреттерин көрөбүз. Бул эпостон делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардьш кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбада такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган армандарды, керээздерди, кошокторду учуратабыз. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын  сүрөттөрүн  дааналап тартууга  чебердик менен пайдаланылган. "Көркөмдүк жагынан каармандардын жетилгек эң терең жана ачык типтери фольклор тарабынан, эмгекчи элдин оозеки чыгармачылыгы тарабынан түзүлгөн" - деген М. Горькийдин [М. Горький. О литературе. Статьи и речи. 1928–1936 гг., М. 1937 г., стр. 450] сөзүнө "Манас" эпосу далил болот.

Оозеки элдик чыгармалардын "Манас" эпосу сыяктуу монументалдуу үлгүлөрүн басма жүзүндө жарыялоонун мааниси өтө зор. Биринчиден, ал эпикалык мурастар элибиздин бүгүнкү маданий байлыктарынын ичинен өзүнө тийиштүү закондуу ордун ээлеш керек. Экинчиден, элдик чыгармаларды, бөтөнчө эпосторду жакшы билбей жана ар тараптан изилдебей туруп, революцияга чейинки адабиятыбыздын жана белгилүү даражада революциядан кийинки адабиятыбыздын түзүлүш процессин толук түшүнүү мүмкүн эмес, себеби оозеки чыгарма менен жазма адабият жалаң тили жана чыгармачылык стили жагынан гана эмес, идеялык мазмуну жагынан да түйүндөп, байланыш болот. Ошондуктан фольклорду билбеген жазуучу жаман жазуучу. Чексиз байлык - элдик чыгармада; чыныгы жазуучу болууну тилеген адам оозеки чыгарманы терең үйрөнүш керек деп, М. Горький текке айткан эмес.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.