Яндекс.Метрика

Кириш соз

Ошону менен катар аялдардын коомдогу ролуна, баатырдык достукка, өскөн элди, тууган жерди сүйүүгө, эл достугуна, эмгекти сүйүүгө, ар бир адамды адилеттүүлүк, тайманбастык, амалкөйлүк, туруктуулук мүнөздө тарбиялоого байланышкан жалпы адамзаттык идеялар "Манас" жомогунан кең орун алган.

Мына ушул идеялык мотивдер эпостун чыгышына да, анын кийин өрчүшүнө да негиз болгондугу бардык варианттардан даана көрүнүп турат.

"Манас" жомогунун негизги идеясын жана сюжеттик эриш-аркагын туура табуу жана терең түшүнүү үчүн биринчи кезекте белгилүү варианттардын мазмунундагы, сюжеттик түзүлүштөрдөгү окшоштуктарды жана айырмаларды салыштырып, талдап чыгуу керек. Мындай салыштырууларды жасаган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине караганда (М. Ауэзов, К. Рахматулин ж. б.) [Кырг. Ил. Ак. фондусу, инв. № 1289.], жомокчулардын варианттарында мурунтан ата-бабадан бери айтылып келаткан жана алардын баарына орток болгон жалпы сюжеттик негиз, канча бар экендиги аныкталган. Ошол сюжеттик негиз төмөнкү окуялардан, темалардан түзүлөт: негизги каармандардын туулушу; алардын балалык чагы; Каныкей, Айчүрөк сыяктуу чексиз сулуу, акылман аялдардын, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролордун, Нескара, Жолой, Коңурбай сыяктуу алп жоолордун мүнөздөрү, кылык-жоруктары жөнүндөгү аңгемелер; кыргыз урууларынын Манас, Семетей, Сейтек башчылыгы менен элди коргоого багытталган баатырлык согуштарына арналган эпизоддор; эл үчүн курман болгон Манаска күмбөз салуу өңдөнгөн аңгемелер. Бул аталган окуялар, аңгемелер эпостун толук айтылган варианттарынын ар биринен учурай тургандыгын кичинесинен жомок угуп келаткан карыялар жакшы билет. Ошону менен катар, андагы экинчи катардагы каармандар да (мисалы Айдаркандын Көкчөсү менен эки Кемин жайлаган Үрбү, жалгыз көздүү Мадыкан менен чыканактай. Эрагыш, өздөн чыккан жоо - Көкчөкөз менен Көзкамандар сыяктуу персонаждар да эл оозундагы эпизоддордун ар биринен учурай тургандыгы белгилүү. Ошентип, эпостун көпчүлүк варианттарында баатырлардын өмүр баяны, алардын кылган иштери, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого Таласка келип баш кошуусу, этнографиялык жактан өтө бай, көркөм берилген "Көкөтөйдүн ашы", чексиз алп күчтөрдү сүрөттөгөн "Чоң казат" сыяктуу эпизоддор биздин заманга жеткен эпостун сюжеттик негизин түзөт.

Мындан бир нече кылым мурун, андан да арыраак - эпос чыккан кездерде анын сюжеттик негизи алда канча кыска, жөнөкөй болуш мүмкүн. Улам берилеген сайын, ар бир доордун жомокчулары, жогоруда биз көрсөтүп кеткендей, эпоско бир катар өзгөрүштөр киргизет, элдин башынан өткөн окуяларга жана идеологиялык турмушка байланыштырып, жаңы эпизоддор да кошот. Бул маселеде биз кыргыз элине болжол менен XVI кылымдан кийин тараган ислам дининин көрсөткөн таасирин эске албай коё албайбыз. Буга чейинки дин ишеними (көп кудайга табынуучулук, шамандык сыяктуу ишеним) ислам дининин талаптарына карама-каршы келбей койгон эмес. Патриархалдык-феодалдык чөйрөлөр тарабынан дайыма бардык күч менен колдонулуп, өкүм сүргөн идеологияга айланган исламизм жомоктун мурунку калыбында аткарылышын тыюуга чейин барган кездер болгон десек, жаңылышпаспыз. Бул шартта, албетте, угуучу аудитория да, айтуучу жомокчулар, да, ал динге ишенген. Мына ушунун натыйжасында жомоктун оң каармандарынын мусулман динисиз көрсөтү-лүшүн күтүү өтө кыйын болуу керек. Идеологиялык мотивировкалары гана эмес, жомоктун сюжеттик сызыгына да бир кыйла өзгөрүштөр кириши толук ыктымал. Ошондуктан "кийинки кездерде, исламизмге байланыштуу эпос өзгөрүүлөргө дуушар болду" деп айткан академик В. В. Радловдун пикири туура экендигинде шек жок [В. В. Радлов. Образцы народной латературы..., V, Спб., 1885, б. 11].

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.