Яндекс.Метрика

Кириш соз

Жомокчулардын бир катары "Көкөтөйдүн ашын" эпостун "Манас" бөлүгүндө, "Чоң казаттан" мурун айтса, жомокчулардын бир катары аны "Семетейге" кошуп айтканын эске албаганда, "Семетей" жомогунун сюжети бардык варианттарда төмөнкү негизги окуялардан турат: 1) Жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, өз элин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) Семетейдин Чынкожо, Толтой менен согушу, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү. Фондудагы варианттардын мына ошол сюжеттик жагынан окшоштугу эске алынып, Аалы Токомбаев тарабынан бириктирилип кыскартылган вариантта Саякбай Каралаев менен Тоголок Молдонун варианттары негиз кылып алынган. Алардагы элге белгилүү окуялар толук сакталган.

Фондудагы "Семетей" жомогунуи 14 вариантынын ортосунда бир аз айырмалар бар, бирок алар эпостун фабулалык сызыгы, эриш аркагы боюнча эмес, айрым деталдары гана боюнча болгон айырмалар. Ал айырмалар экинчи пландагы каармандардын аттары (мис. Темир кандын ордуна Кара кан, Сарытаздын ордуна Жекетаз деген сыяктуу), Манастан калган куралдардын аттары жана саны жөнүндө, экинчи пландагы кээ бир майда окуялар (мис. Семетейдин Букарда сүннөткө отургузулганы, сыноо үчүн Темир кандын Семетейге кол салдыруусу сыяктуу аңгемелер көпчүлүк варианттарда учурабайт), кээ бир окуялардын мотивировкалары жөнүндө (мис. Чынкожонун Семетейге жоо болушу) болуп, жомоктун жалпы мазмунуна да, анын курулушуна да эч кандай таасир келтирбейт. Бул айырмалар, албетте, белгилүү бир тартипке келтирилди.

Негиз кылып алынган варианттардагы кайталоолорду кыскартуу эсебинен, башка семетейчилердин варианттарындагы (мисалы Шапактын, Тыныбектин, Акматтын, Жакшылыктын) айрым көркөм үзүндүлөрү, эл оозунда айтылып жүргөн белгилүү ырлар тандалып алынып, жомоктун деталдары бир кыйла күчөтүлдү.

Жомоктун көркөмдүк идеялдык мазмунун түзгөн темаларды - өздөн чыккан жоолорго жана четтен келген баскынчыларга каршы күрөшүүдө ашкан эрдик көрсөтүү, кыргыз элинин үрп-адатына байланыштуу кыз-талашуу, үйлөнүү, аш-тойлордогу шаан-шөкөттөр сыяктуу турмуштук темаларга негизделген окуяларды толук сактап калууга аракет кылынды.

Эпостун башкы эки бөлүгүн түзүүдөгү кыйынчылыктар ар түрдүү варианттарды композиция жана окуялардык мазмуну жагынан салыштырып отуруп, анын жалпы сюжеттик сызыгы бузулбагандай кылып, тандап алып кураштырууга байланыштуу болду.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.