Яндекс.Метрика

Кириш соз

В. Радловдун жазып алып "Семетейдин" аягына кошуп жиберген 560 сап ырды кошо эсептегенде, фондуда "Сейтектин" алты варианты бар (С.Каралаев - 120 миң сап ыр, Ж.Сарыков - 18,000, Ш.Ырысмендеев - 15000, Тоголок Молдо - 5.000, М.Мусулманкулов - 3.000 сап ыр чамасында). Булардын эң толугу жана күчтүүрөөгү Саякбайдыкы, ошондуктан да анын вариантынын айланасында көп иш жүргүзүлдү. Бирок бул вариантта башка варианттарга караганда, мурунку жана азыркы манасчылардын вариантарында учурабаган окуялардын кошулуп, узартылып айтылышы байкалат. Эпосту изиллдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда [Кыргыз Ил. Акад. фондусу, инв. №8, З.Бектенов тарабынан "Сейтекке" жазылгав кириш сөздө, 6. 21.], башка жомокчулар "Сейтек" жомогун Сейтектин туулушунан баштап, анын Таласка келип, зордукчул Канчорону жоготуп, кыргыздардын башын кошуп, чындыкты өкүм сүрдүрүү менен бүтүрсө, Саякбай аны улантып, Карадөө менен Момунжан окуясын, Желмогуз уулу Сарыбай менен болгон согушту, Сейтектин уулу Кенен, Алымсарык, Кулансарык жана Чынтемир жөнүндөгү аңгемелерди кошуп, жомокту узарткан. Бул, албетте, чыгармачылык таланты күчтүү манасчы Саякбай тарабынан болгон чоң чыгармачылык жаңылык.

"Сейтектнн" аяк жагынын сюжети манасчылар тарабынан ар түрдүү айтылышы байкалат. Саякбайда жомоктун эриш-аркагына көп кыйыша бербеген окуялар жана персонаждар киргизилген. Анын вариантындагы Айчүрөктүн досу кыз Куялы Шапактын вариантында Конурбайдын уулу болуп келип, Сейтекке каршы согуш баштайт. Саякбайда Кара дөө он персонаж болуп көрсөтүлсө, Жакшылыкта  ал терс персонаж. Бул өңдүү кыйышпастыктар кыскача вариантта бир тартипке келтирилди.

Манасчы Саякбайдын таланттуулугу аркылуу өрчүтүлгөн жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тарабынан бир кыйла чебердик менен кыскартылып берилген эпостун "Сейтек" бөлүгүнүн көркөмдүк мааниси чоң, эмоционалдык таасири күчтүү. Бул таасир, биринчи кезекте, эл абдан сүйгөн он, каармандардын өтө аянычтуу шарттарда көрсөтүлүшү аркылуу жомоктун трагедиялык мүнөзгө айланышында, душмандар сазайын тартып, эл жыргалчылык заманга жетет деген оптимисттик жогорку идеяларга негизделгендикте.

"Манас" эпосунун ар бир бөлүгү биз жарыялап отурган вариантта композициялык курулушу жагынан ар бирөө өзүнчө бүткөн чыгарма болуп көрүнөт. Бирок алардын өз-ара тыгыз байланышы да бар. Бул бай-ланыш жалаң кегизги каармандарынын — Манас, Семетей, Сейтектин теги (генеологиялык) жагынан гана эмес. Бул өз алдынча мүнөзгө ээ болгон поэмалардын идеялык мазмууну, аларда катышкан негизги каармандары-ңын жалпылыгы, айрым окуялардын мотивировкалары жагынан да бир бирине тыгыз байланышып турат. Эпостун биринчи бөлүгүнүн башкы каарманы Манас өзүнүн бүт өмүрүн сарп кылып күрөшкөн каардуу жана мыкаачы жоо Коңурбай Семетейдин да ошондой эле жоосу. Макастын сөөгү көмүлө электе эле Каныкейдин казынасын талап, Семетейди жоготууга тырышкан өздөн чыккан арамза жоо — мансапкор, дүйнөкор, кансоргуч Көбөштүн зордугунан элди Семетей куткарат.Өздөн чыккан жоо менен күрөшүү тематикасы эпостун "Сейтек". бөлүгүндө ого бетер арбытылат.Семетейдин белгилүү чоросу болуп жүрүп, кийин коркунучтуу душманына айланган кекчил Канчоронун элге жана элдин ишенген баатыры Семетейге кылган чыккынчылыгы жомоктун үчүнчү бөлүгүндө ке-нен көрсөтүлөт. Бул гана эмес, жомоктун биринчи бөлүгүндөгү негизги оң каармандар - Каныкей, Бакай, анын экинчи бөлүгүндөгү башкы оң каармандардан Семетей, Күлчоро, Айчүрөктөр "Сейтектеги" окуяларга катышып, аларга жомоктун сюжетинен чечүүчү рольдор берилет.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.