Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Кааласам катын кылайын,

Каардансам, жанын кыяйын!

"Калмак кирсе бул үйгө,

Кайратың кетсин ташып, - деп, -

Канжарың сенин жашык, - деп, -

Канжардын күчүн  алгын, деп, -

Как жүрөккө малгын, - деп, -

Канжарбек деген балбансың,

Калмак келсе алдыңа,

Капылет баса калгын, - деп, -

Бир кишиге карабай,

Баарың туруп албаңар,

Баскан соң ишке жарабай,

Кылычтын курчун алыңар,

Кызыталак кытайды

Кыймалай чаап салыңар!

Кытай кул мында келген соң,

Кырып кетет бизди деп,

Кысынарсың баарыңар.

Канжардын баарын курчтанар,

Жан-жабыла баарыңар

Өлүүчү жерин туштаңар,

Өткүр бычак муштаңар!".

Көкчө бул сөздү айтып күүлөнүп

Бир жагынан турбайбы.

"Айныганды арбак урсун!" - деп,

Алымсейит сүйлөнүп,

Аябай ичкен арагын

(Арак деген арамын)

Аздырганын карагын.

Кызып ичкен кымызын,

Ичкилиги болбосо,

Кылбас беле тымызын.

Мас болуп Көкчө буларга

Баш кошушуп калышты,

Алмамбетти жутмакка

Баталашып алышты.

Эки жигит чаптырды,

Алмамбетти чакырды.

Чабуулдап Чаян, Токтору,

Чоң кенеште жоктору

Алмамбетке барышты.

"Алып кел деди сизди,-деп,

Бачым алып келгин деп,

Ашыктырды бизди,-деп.

Арбын ичип аракты,

Шашпай ичип шарапты,

Элдин баары незирээк,

Эми жүргүн тезирээк!

Кыйын ичип кымызды,

Кылар ишин билбейбиз.

Ата уулулар бөлүнүп,

Кыйын кеңеш кылышты.

Бачым жүргүн баатыр, - деп, -

Айтөөр арзан иш эмес,

Буйдалбаңыз акыр" - деп

Токтор менен Чаяны

Токтолбой айтып барганы.

Анда Алмамбет ойлонду,

Алда нече толгонду.

"Кастарын тиккен кан барбы?

Кагыша келген жан барбы?

Урунарга тоо чыгып,

Узак бир жумуш болгон го?

Урушарга жоо чыгып,

Айтышарга доо чыгып,

Арбын бир жумуш болгон го?

Атышарга жоо чыгып,

Элге кабар салган го?

Эгей, Шыгай эрлерин

Эр Көкчө жыйып алган го?"

Ар иш ойлоп Алмамбет,

Башы бапик* алтын чок,

Казактан кастык болот -деп,

Кайран эрде капар жок.

Бастырып жетип барганы,

Жигиттер атын алганы.

Ар тарапка бир карап,

Алмамбет көзү жайнады,

Эшиктеги ак таяк*

Эсеттердин Бөкөсү

Эшик ачып ийиптир.

Салды башын Алмамбет

Салам айтып бийлерге.

Азыр баары турушту

Эр Алмаң басып киргенде.

Айбатына баатырдын

Апкарыша калышып,

Саламга алик алышып,

Баары калды дүрбөшүп.

Башта булар олтурган

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.