Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Араң жүргөн жамандар.

Казактын азыр канысың,

Каркыбарлар көрө албайт

Алмамбеттин калысын,

Алардын тилин аларсың,

Алмамбетти өлтүрүп,

Астына жердин саларсың.

Азыркысын сен, Көкчө,

Өрт отундай жанарсың.

Кетсе дагы Алмамбет,

Өлсө дагы Алмамбет,

Өзүң өчүп каларсың.

Бул Алмамбет келгени

Казактын журту дегдеди,

Санды түмөн казагың

Сары Арканы жердеди

Жанчышып калмак жеңбеди,

Келинге тайлак байлатты,

Кемпирге куйрук чайнатты.

Арада жаткан казакты,

Алтайдагы Аңыртты

Асемдүү жайлоо жайлатты.

Айтты деп жаман көрбөгүн,

Ааламга кетер өрнөгүн.

"Ал кулду бир күн соём" - деп,

Алдап айтып жөнөгүн!

Алган жарың өнөгүң,

Буудайбегиң бузулар;

Акыр түбү көрөрсүң,

Арамдык кылар ушулар.

Күбөлүк айтар катының,

Күүлөнөрсүң, баатырым.

Күлдү казак „жакшысы",

Сени күбүп салар акырын.

Көрө албай жүргөн көөсөр бар,

Бата албай жүргөн баатыр бар,

Өтө албай жүргөн өксүк бар,

Жете албай жүргөн жезит* бар.

Ар ишке жүргүн сак болуп,

Айрыларсың бир күнү

Алмамбеттен сап болуп.

Азыр жүрсүң шат болуп,

Азыткы сөзгө ишенип,

Акыры калба мас болуп!

Акеркеч айтты акыл кеп,

Анда Көкчө токтолду,

Айтканың сенин макул деп.

Казактан болгон ата уулу

Алтымыш экен баарысы

Арман кылып жүрүшкөн,

Айлына жетпей арышы.

Атпай журтка билинген

Алмамбет, Көкчө калысы.

Азган бир кытай жетти деп,

Айдаркандын Көкчөнүн

Арбагы ашып кетти деп,

Айтканды укпай баратыр

Андабай биздин кепти деп,

Тозгон бир калмак жетти деп"

Тозоку калмак келгени

Чоңоюп Көкчө кетти деп,

Тоотпой бизден өттү деп,

Келген болсо Көкчөгө,

Мурун айтат саламды,

Ойлоп келет ичинде

Бузукчулук арамды.

"Акеркеч жеңе үйдөбү?

Алмамбет баатыр жүрөбү?" -

Какшап айтып бектери

Айдаркандын Көкчөгө

Катуу тийди кептери.

Ар ким айта берген соң,

Айдаркандын Көкчөнүн

Айланып көөнү кеткени.

"Айлымды алыс көрбөйүн,

Алганым деп ынанып,

Акеркечтин тилине

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.