Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Көргөнү мындай сый болуп...

Алты ай толуп өткөндө

Алмамбет эми ойлонуп,

Ары-бери толгонуп:

"Жата бербей жалпайып,

Минейин атка кампайып,

Кара ниет кандардын

Өрүшүн байкап чалайын,

Арамдан жыйган жылкысын

Жылдырып жолго салайын,  

Коңурбай менен Жолойдун

Эсебин минтип табайын".

Аны ойлонуп Алмамбет,

Кылыч шилтеп, жаа тарткан

Кыраандан алып кашына,

Салып жетип барганы

Дарыя Амур башына.

Баштагы жерден көчүрүп,

Жаккан отун өчүрүп,

Ошондо акылынан шашыптыр;

Алмамбет кайдан жетти деп,

Амурдан чыга качыптыр.

Коңурбай, Жолой жылкысын

Алман айдап алыптыр.

Түн дүбүрөп бой бербей,

Дүмөктү Алман салыптыр.

Кандардан алган жылкысын

Казакка бөлүп бериптир,

Атпай журт муну көрүптүр.

Айдаркан уулу алп Көкчө

Арыстан Алма баатырдын

Дегенине көнүптүр.

Туурдугу май болду,

Турган айлы бай болду.

Керегеси май болду,

Алмаңдын келген айлы бай болду.

Атпай казак калкына

Алмаң адилет элди көздөптүр,

Ар качандан бир качан

Айтып сөзүн сөздөптүр.

Арзын, муңун айтканга

Тууралыгын кылыптыр.

"Алдым", "жуттум"- кузгуну

Алмамбетке беттебей,

Сайлап качып жылыптыр.

Казактардын бийлигин

Калыстык менен алыптыр.

Өңчөй казак кашкасы,

Бир Көкчөдөн башкасы,

"Баягыдай заман жок,

Балаа кылды калмак, - деп, -

Бастады биздин арбак, - деп, -

Мурункудай жемиш жок,

Бузук кылды кытай, - деп, -

Бузулганды алчу элек,

Анча-мынча жалын жеп,

Калабалуу бул кытай

Адылсынып калды, - деп, -

Арбын олжо дөөлөттөн

Айдап бизди салды, - деп, -

Эндекей кылды элди, - деп, -

Элинен, кечкен бул кытай

Элирип кайдан келди, - деп, -

Кылмыш кылган ким болду?

Алмамбет аны бүтүрүп,

Кызыл чака пул бербей,

Аларың кылчайбай бизге тим

                                                   болду!".

Алмамбет калыс экен деп,

Айдаркан көзү жетиптир.

"Алмамбет сөзү ырас" - деп,

Аны Көчкө да сүрөп кетиптир.

"Ага-иниден чыр чыкса,

Ана-мына дечү элек,

Анча-мынча дүйнө алып,

Макул кылып жечү элек.

Калкты алынтып саларбыз,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.