Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Көбүрөөк пара жей албай,

Сөздөрү калып талаага,

Өздөрү калып балаага,

Айырмакка Көкчөдөн

Ар нерсе алат санаага.

Өткүрдөн кылыч ала албай,

Өлтүрүүгө Алмаңды

Өздөрү эбин табалбай,

Буудайбекти бурууга,

Баары даяр болгондур

Акеркечтин үстүнөн

Күбөлүк айтып турууга.

Кайнап жаткан какандан

Катын таппай келдиби?

Кара жер жутсун, эр Көкчө,

Катьшыңа жакын деп,

Каадалап айткан кебиңи!

Ишенсең, Көкчө,"муну кой,

Ишенбесең бул сөзгө,

Азгырган мен экемин,

Аны кой да, мени сой!

Өлүп калар бир катын,

Өксүбөсүн көп калкың!

Жатып калар бир катын,

Жарылбасын көп калкың!

Алмамбет турса колуңда, -

Алтындан болор чарбагың,

Ааламды басар салмагың.

Алмамбеттен айрылсаң, -

Арылбай калар арманың.

Бул Алмамбет деген эр

Катындын билбейт кадырын,

Кыздын билбейт кызыгын.

Канча болду келгени,

Андан көргөн бир жан жок

Айтканынын кыйшыгын!

Жүрүшүнүн бузугун

Көрүп келген бир жан жок;

Көнүлү калган тири жан жок.

"Карып калган Акеркеч

Кадыры үчүн каадалап,

Алмамбетти баккандыр.

Калабалуу "бышыктар"

Кайдагы сөздү тапкандыр!

Катыныңа ойнош деп,

Кадыры кеткен ойноп деп,

Как өзүңдү соёт деп,

Акеркеч сенин катының

Кааласа алып коёт деп,

Көңүлү бузук көп душман

Артыңан түшүп калгандыр,

Алмамбетти айрууга

Көп сөз айтып салгандыр?!

Карабаган бир бирин

Көмүлгөн дүйнө жалгандыр.

Азытка кирсең азарсың,

Аныктап кара басарсың,

Акылыңдан шашарсың.

Бузукка кирсең азарсың,

Бурулбай кара басарсың.

Сени көрө албай жүргөн эриң бар

Алмамбетиң болбосо,

Көмгөнү жүргөн бегиң бар.

Душмандын сөзүн сен мага

Кантип айтар жөнүң бар?

"Аз калды кышка, жаз болор"

Ачыган кымыз аз болор,

Аны ичкен соң эсирип,

Адамдын баары мас болор.

Ата уулуңдун башчысы

Алмамбет менен кас болор.

Алымсейит журтум бар,

Аргында Бообек, Шуутуң бар,

Тынымсейит Жуйку бар.

Капкайдагы жамандык

Кара жерден чукулар.

Элам, Селим, бу да бар,

Ээ болбой калып элике,

Айгай менен ичиңде

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.