Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын оз элинен келиши

Кылкылдап жаткан Кыл-Эртиш,

Эртишке жетип келгени.

Ата сонун суу бол деп,

Аяк башын көргөнү.

Турнабай колго алганы,

Тунарып жаткан талаасын

Алмаң кайкалап карап калганы.

Кыл-Эртиштин оюнда

Кылкылдап калың эл жүрөт,

Кас буудан минип делбиреп,

Кайнаган топтун четинде -

Көк ала ат минген бир киши.

Алманбет байкап караса,

Айбаты артык эр киши.

Бастырып келип Алманбет,

Салам айтып калмакча,

Каршы алдында турганы,

Эр Көкчө алик алганы.

Алмамбетти эр Көкчө,

Караса түрү бөлөкчө,

Кыл такыя, кызыл чок,

Кылымда мындай баатыр жок.

Айбаты арыстан, жолборстой,

Алышкан аман болбостой,

Көөкөрдөн арак куйганы,

Арыстан Алма баатырга.

Көкчө өз колу менен сунганы.

Эми Көкчө кеп сурайт,

"Жолуң болсун, баатырым,

Кайдан келдиң?" - деп сурайт.

"Тек сурамак келбеттен,

Жөн сурамак сөөлөттөн".

Анда Алманбет кеп айтат:

"Уругум кытай эл болот,

Ушунча көөнүм караңгы,

Уккандын башы дел болот.

Кыйындар менен кагыштым,

Кырчылдашып салыштым.

Өлөңдүү жерди өрттөдүм,

Кара сууга кан куйдум,

Асмандан булут тутулуп,

Артыман жеткен куугундан

Аман келдим кутулуп",

Ошондо Көкчө айкырып,

Бир сары улакты таптырды,

Алманбет менен Мажиктин

Садагасын -чаптырды

Аттанышты күңгүрөп,

Жер союлуп дүнгүрөп,

Калың казак камынып,

Көрүшүүгө Алмаңа

Кары дебей, жаш дебей, -

Баары келди жабылып.

Керней тартып бапылдап,

Сурнай үнү такылдап,

Ырчылар сайрал заңкылдап,

Асмандаган туу менен

Алмамбет, Мажик келишти

Айгайлаган чуу менен.

Ак-боз бээни сойдуруп,

Келгендердин баарысын

Аябай этке тойдуруп,

Келгендер кетти тарашып,

Жай-жайъша карашып...

Бир күнү туруп Айдаркан

Көкчө менен кенешип,

Акылдарын тенешип,

"Балдарды өзүм алам" - деп,

Киргизип алды үйүнө,

"Макул болот ата" - деп,

Алмамбет барды сүйүнө.

Казактардын карысы,

Калк ичинде бир катар,

Акылмандын баарысы

"Элинен азган баатыр, - деп,

-Айдаркандын үйүндө

Эригип акыр жатыр" — деп,

Чакырып конок кылышты,

Арыстан Алма баатырдын

Капасын ичтен жоюуга,

Жалпы журту тырышты.

Алдына аппак нан коюп,

Казы кертип, жал коюп,

Кабылан Алмам жесин деп,

Калдайтып каймак, май коюп,

Үлпөттөн башы чыкпады

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.