Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Адам эмес, пилсиз го,

Казакка сүйлөр тилсиз го?

Катынына катылган

Калмак кулун динсиз го!?

"Ак болсо кантип булгайлы,

Агада боор бурайлы,

Бизге ишенбей койсоңуз,

(Алган жарын турбайбы)

Буудайбектен сурайлы.

Баталашкан немедей

Баары сүйлөп калганы:

"Катын, кандай көрдүң?" - деп,

Буудайбекке бурулуп,

Көкчө сөзүн салганы.

Көргөнүң айткын, жеңе" - деп,

Көп төрө жаалап калганы.

Эрин тиштеп, көз кысып,

"Байбичеден өттүң" - деп,

Күбүрөшө салганы.

Өңү сулуу болсо да,

Өзүндө акыл аз экен,

Арак ичип бир чыны,

Буудайбек мындай мас экен.

Аңдабады Буудайбек,

Ал олтурган "бышыктар"

Алмамбет менен кас экен.

Буудайбек анда кеп айтат:

"Бузук да болсо байбичең

Менден жакшы, - деп айтат. -

Чын айтпасмын, кунумун,

Чыгаан жакшы катының,

Күндө көрүп жүрүмүн".

Катыны айтып күбөлүк,

Кан Көкчөдөй баатырдын

Калды көөнү түбөлүк.

"Андай болсо, эл, - деди,

Алмамбетти чакырып,

Азыр алып кел, - деди,

Азабын берем мен, - деди,

Тузу арамы кул, - деди.

Азыр муну сойбосом,

Алганым калсын тул! - деди. -

Чакырып келгин кытайды,

Чыдап күтүп ким турсун

Чыйырдан чыккан мындайды.

Айдап келгин кытайды,

Алып акыр ким жүрсүн

Арам заада мындайды.

Билбеген экен өлөрүн,

Бир көрөйүн өнөрүн.

Аңдабай жүргөн экен го

Акыретке жөнөрүн!

Тоогу өлгөн киши толгонор,

Тоогум кандай өлдү деп,

Токсон эки ойлонор,

Тоокчо жоктур сурары,

Тоголонсо кокустан,

Өөдө болуп бул кулдун,

Өзүнүн жоктур турары.

"Какшатып келди каңгайды"

Зарлатып келди далайды,

Башын жуткан калмак кул

Мага кылган иши бул!

Калкымда жүрүп караандап,

Катынымды арамдап,

Жалган го деп ишенбей

Жакшылардын сөзүнө,

Жакыным деп журупмун

Бул жан кечкинин өзүнө.

Жамандыкты мен бүгүн,

Көргөзөйүн көзүнө!

Мурунтан билбей мунусун,

Азган бир шумга бузулуп,

Акеркеч болбой курусун!

Алмамбет кулду соёюн,

Акеркечти бир далай,

Азапка салып коёюн.

Калмагын кармап соёюн,

Катынды кантип коёюн,

Жайдак атка мингизип,

Жалпы журтка билгизип,

Эскисин эске киргизип,

Эл кыдыртып жүргүзүп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.