Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Баатырлык кебин сүйлөшүп.

Көкчө төрдө каркыбар,

Көк сүлөөсүн бөркү бар

Кош жаздык коюп башына,

Буудайбекти алып кашына,

Сол чыканак таянып,

Сонун жаткан жай алып.

Ачуусу келди Көкчөнүн

Алмаңа тура бергенге,

Ал үйдөкү отурган

Эл бийлеген кемдерге.

Ачууланып акырды,

Аябай Көкчө бакырды:

"Ажыдаар башын салдыбы?

Же бир арыстан кирип калдыбы?

Айткан сөзүң эмине,

Атпай казак баарыңды

Арбак уруп салдыбы?!

Орду-ордунду алгын! - деп,

Ордуңду берип калмакка,

Оңолбогон кесек ит,

Оолактап кайда бардың?! - деп -

Кытай кул башын салды, - деп -

Кытай кул үйгө киргенде

Кызыталак кырк жигит

Кырыла жаздап калды", - деп,

Кан Көкчөдөн кеп чыкты,

Эр Алмамбет баатырды

"Калмак", "кытай" деп чыкты.

Кырк жигиттин баарысы

Кырка олтуруп калышты.

Келип кирген Алмамбет

Керегеге сүйөнүп,

Көрө салып, Алмаңа

Көкчө баатыр сүйлөнүп,

Олтурарга орун жок,

(Алмамбет кайдан аянды)

Төрдө жаткан Көкчөнүн

Төшөгүнүн түбүнө

Сол тизесин таянды.

Суук сөздү көп айтып,

Сурданып Көкчө калыптыр,

Суук сөздүн баарысы

Алмамбет жакка агыптыр.

"Кадырлуу казак бектери!

Кайдан жүргөн бул калмак?

Качан болгон келгени?

Келген киши кетпейби?

Кетпей жүрсө, ушунун

Тез ажалы жетпейби?!

Каңгырган киши кайтпайбы?

Кайтпас болсо, ушуну

Капылет ажал таппайбы?"

Көкчө баатыр күүлөнүп,

Көк жал Алмаң келгенде

Көзүнө айтып сүйлөнүп,

Ар түрдүү сөздү салганы.

Аш кайнамдай Алмамбет

"Алда кимди айтат?" - деп,

Айран азыр калганы.

"Ачууландың кимге - деп?"

Жадаганда Алмамбет

Жайын сурап турганы.

"Казак урук ичинде

Каңгыган кулду айтам"-деп

Аягы менен Алманды

Азыр түртүп калганы.

Оюнбу деп, чынбы деп,

Алмамбет ойго алганы.

"Көкчө баатыр сенби? - деп, -

Көп көрүнгөн менби? - деп -

Укпадым эле кыйладан,

Көөсөр* кайдан келди, -деп -

Бууданын, Көкчө, сенби? – деп -

 Мурунтан мындай жок эле,

Бузук сөз кайдан келди? – деп -

Эсирик сөздү басыңыз,

Экөөбүздү көрө албас

Элиңде көптүр касыңыз!

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.