Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Анда Алмамбет муну айтат:

"Айныбагын, сен Көкчө,

Айтканыңды бер, Көкчө!

Аркандап келген айым бар,

Күрмөшүп келген күнүм бар,

Күүгүм болжол түнүм бар.

Казатка чыгар касым бар,

Майданга чыгар башым бар,

Сапарга жүрөр салтым бар.

Жакындан болгон жатым бар,

Жан кыйбасым, эр Көкчө,

Сага айтуучу датым бар:

"Каалаганым Көкала

Атыңды берчи, минейин,

Арыстандыгың билейин!

Тонуңду берчи, кийейин,

Тойгондугуң билейин!

Башымды катпай сактанып,

Басташып жүргөн душманга

Барып кайра келейин.

Баркымды айтып мактанып,

Жанымды катпай сактанып,

Жанчышып жүргөн душманга

Барайын да, келейин

Жайымды айтып мактанып.

Көркөм күлүк Көкала

Күчү болсун меники,

Күдөрүң үзүп тим калба,

Башы болсун сеники.

Адам айтпас сөздү айттың,

Кайда барсаң баргын, - деп, -

Каалаганың алгын, - деп, -

Суктанганың алгын, - деп, -

Сурданбай жолго салгын, - деп, -

Айтканыңдан жанба, - деп, -

Арыстан, эр Көкчө танба!" - деп,

Алмамбет кармай калганы.

Ар сөздү айтып салганы.

Анда Көкчө кеп айтат:

"Ай, калайык! - деп айтат, -

Алтынды бөздөй бураңар,

Алмамбет кулдан сураңар!

Көкала атым көп эле,

Торала атым топ эле,

Атап айтчы десеңер,

Жөөлүгөн кытай, калмактан

Жөнүн сурап берсеңер!"

Карады Көкчө калкына.

Кабылан Алмаң кеп айтат:

"Каалаганым Көкчө минген Көкала,

Калайык, - уксаң!" - деп айтат.

Анда Көкчө муну айтат:

"Алмурут эккен жерлерге

Ит мурут чыгат дечү эле.

Ит ичпей турган ашынан

Үмүт кылат дечү эле.

Арыстандын баскан жерине,

Аюу жойлоп турарбы?

Атымды сурап бул калмак,

Ата, мындай кудай урабы!

Бул сөздү айтып салганы,

Арыстан Алман баатырдын

Ачуусу келип калганы.

Жаалы чыгып сөзүнөн,

Жалын чыгып көзүнөн:

"Кирбедим, Көкчө, ойнуңа,

Анты-шертиң мойнуңа.

Алмурут Көкчө сен болсоң,

Ит мурут жыгач мен болсом"

Мен да куруп калайын,

Ириген сенден кем болсом!

Арыстан Көкчө сен болсоң,

Лапшыйган аюу мен болсом,

Аныктап арбак урганы

Айбаным сенден кем болсом!

Элиңде туруп эркексиң,

Айлыңда туруп баатырсың,

Корооңдо болгон коңшуңа

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.