Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Жетип айдап алыптыр.

Субайы үркүп суурулуп,

Бир ат туйлап мөңкүсө,

Жутуп ийчүү немедей,

Заманасы куурулуп,

Кое берип колунан

Кыргыздар кууп соңунан, -

Жети миң жылкы алганы.

Жетишкен кыйын мыктысы

Жетимишин кармады.

Жума күнү кечинде,

Бешим өткөн кезинде

Күлүшменин тоосунан

Кийик атып аң уулап,

Келиптир Манас ушунда.

Карк алтын алган бир калта,

Кабыланга кабар айтмакка

Качып барган Акбалта.

Көзүн салып кийикке,

Кийикчинин баарысы

Чыккан экен бийикке.

Ак боз атын моюндап,

Ак сакалын коюндап,

Акбалта барды акырып,

Айгай салып бакырып,

Жүлүндөй боз алдында

Жүр Манас деп чакырып.

Акбалта чыкты бир жонго.

Ууда жүрөт көп киши;

Арзан жумуш эмеско

Акбалтанын бул иши?

Ашыгып мынча не келди,

Калыбет эле бу киши?

Кабарын сурап билелик,

Кандай да болсо бул ишти!

Чапкылап Манас, Чубагы,

Ажыбай, Чалыбай бу дагы,

Ашыгып алар жүргөндө

Серек менен Сыргагы –

Серпишер жоого чыйрагы,-

Чапкылашып туш-туштан,

Тар капчыгай буруштан,

Кырдагысын кыйкырып,

Ойдогусун ойбойлоп,

Коктудагы жүргөнүн

Коркутпа деп кой-койлоп,

Акбалтага жыйылып,

Аң издөөдөн тыйылып,

Келип кебин угуптур.

Айтканын угуп Манастын

От көзүнөн чыгыптыр.

Кошуун ылдам келсин деп,

Алты киши чаптырды,

Анжыяндын боорунан

Адам калбай келсин деп,

Арыстаныңыз чакырды.

Кара-Кулжа, Тарынан,

Көкүрөк, Көк-Арт, баарынан,

Кара-Алма кайкы белинен,

Калба деп, кыргыз элинен,

Топурак бел, Кара-Суу,

Ортосу Окан даваны*,

Орчун шаар Анжыян,

Тез келсин деп аларды,

Маргалан менен Зымыны,

Калбасын деп чымыны,

Кожонт менен Жызакты,

Качып ылдам келсин деп,

Баруучусун узатты.

Айтып Манас болгончо,

Акбалта сөгүп, бакырып:

Адамдын көбүн чакырып

"Жакыптын уулу Манасым,

Жаныңды жечүү баласың!

Айрып келип Алтайдан,

Азапка салчу балаасың!

Атамдан калган жерим деп,

Адамыңдын баарысын

Алайга таштап саласың.

Жетим уул, тул катын,

Чаптырып ийип кыргызды,

Убалга минтип каласың!

Кытайдан бөлөк жоо жок деп,

Кыялыңа аласың.

Кырып кетсе кыргызды,

Кыбаң шондо канасың!

Алтайдан элди көчүрүп,

Кыянатчы адамсың.

Адыры чөптүү, жери жай,

Ар түлүк малга эли бай

Маңгул, калмак аралаш,

Башыбыз Мамыр, кең Алтай,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.