Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Баркөл, Туркөл көлүбүз,

Баштап келип, балаага

Малынтканын көрүңүз!

Алдырып коюп Алайдан,

Арманда өлөр далай жан.

Калкына түштү калаба,

Капталып калып кечээ күн,

Кажылдаган балаага.

"Нар төө минген адам бар,

Ажалаган арамдар

Кара желек найза алган,

Карарганды кайсаган,

Кабагы бийик, көзү үңкүр,

Кара сакал, тик мурут,

Кайдан чыккан бул журут?

Каңылжаары каңкайган,

Кайсы бирөөн карасак,

Кара нар минип даңкайган.

Онкогой мурун, чуңкул көз,

Оозу жүйрүк, башка сөз,

Ажалай экең урааны,

Адам айран калгандай,

Аңдап турса буларды.

Айылга кирип кол салып,

Аткылашып биздин эл,

Кыйласы өлүп сулады;

Кыз-катындын баарысы

Кырга качып чуулады.

Арбын жаа, аз мылтык

Айдады жылкы дыргытып,

Ар кимиси күрсү урат,

Казандай болгон күрсүсүн

Канчалык жерге ыргытып,

Төө минип жүрүп найза алган

Төбөдөн урган кандай журт?

Нар минип жүрүп, найза алган,

Наадандыгы ашкан кандай журт?

Найза деген бир жарак

Ат мингенге ылайык,

Кайта электе бат барып,

Калабаны кылалык!".

Артыкча барып ашыгып,

Кырып кетти элди деп,

Кызыл ээк чалдарга

Кыйын түйшүк келди деп,

Чаап кетти элди деп,

Жаштарынын башына

Жаман дүмөк келди деп,

Акбалта айтып салыптыр.

Аны-муну дегенче,

Алтымыш миң кошууну

Азир болуп калыптыр.

Артымдан келе берсин деп,

Арыстан Манас баатыры

Аянбай жолго салыптыр.

Салтанаттуу көйкашка

Сөөлөтү журттан бир башка,

Кызыл байрак кырк кашка,

Кылганы журттан бир башка

Кыргыздын Манас падыша.

Ак асаба кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу,

Көк асаба кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу,

Көк жал Манас баатырдын

Жүрүп калган жери ушу,

Алайга барчуу белинен

Ашыгышып ашышып,

Ат баспаган жеринен,

Кийик ашпас тоо менен,

Тар капчыгай коо менен

Бастырып кыя бел менен,

Кармашам деп өлгөнчө

Өзү тийген эр менен

Ашып түшүп Алайга.

Аңдап турсаң ушуну,

Арты кетер далайга.

Анжыян жакы тоосуна,

Үркүп кыргыз өтүптүр,

Шоорук кандын кошууну

Тоо таянып жетиптир.

Караанын жаңы көргөндө

Караңгы кирип кетиптир.

"Урушту түндө салбайын,

Убарага калбайын.

Калбаны түндө салбайын,

Канга сабын болбоюн*.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.