Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Белдемчи темир байланып,

Бел булуттай айланып,

Кошууну менен эр Манас

Майданга барып турганы.

Ажалалап кыйкырып,

Шоорукту кудай урганы.

Дөгөшү аттуу балбаны

Төрт миң кошуун алганы.

Туйгунду көздөй ат коюп,

Баары жөнөп калганы.

Арыстан Манас баатыры

Алиги төрт миң баатырды

Астын-үстүн салганы.

Аккуланы жүгүртүп,

Аралашып калганы.

Дөгөшү келип качырып,

Баатырга найза салганы.

Дегешүнүн найзасы

Соотуна батпай калганы.

Төшкө сайып, Дөгөшү

Жыгууга алы жетпеди.

Найзасы сынып качырап,

Найзасына илинип

Чалкасынан кеткени.

Жыгылып калган Дөгөштү

Сырттан Манас беттеди.

Жерден өөдө турарда,

Шыпырма кылыч кара курч

Башын кагып кеткени.

Башы калды томпоюп,

Өлүгү калды зоңкогоп.

Жана Шоорук жиберди

Чечендер аттуу баатырды,

Он эки миң кол менен

Манасты көздөй жапырды.

Күлтү кан аттуу балбаны

Күркүрөп күрсү салганы.

Жеке өзү бир минип,

Жетимиш кулач пил минип,

Күрсүсү бар молодой.

Караса көзү Күлтүнүн

Кайкаңга жакын ороодой.

Көзүндөгү чылпагы

Байлаткан батман шородой.

Он эки миңи жабылып,

Аккелте мылтык бир атты,

Арыстан Манас камынып.

Аккелтенин дабышы

Алты күндүк угулду.

Огу тийип баатырдын

Отуз-кыркы жыгылды.

Түтүнү басты тумандай,

Кулап түштү Күлтү кан,

Жер силкинген дубалдай.

Найза салды Чечендер,

Андай найза салгандан

Алек болгон нечендер.

Найзасын баатыр кагыптыр,

Арыстан кылыч салыптыр.

Найза салган Чечендер

Ажалынын жеткени;

Жетпегенде неткени, -

Туйгунуң чапкан бу кылыч

Төбөсүнө жеткени.

Ат-маты менен бөлүнүп,

Жардай кулап кеткени.

Атпай кыргыз күңгүрөп,

Алдын карай дүңгүрөп,

Бакай баштап баарысы,

Кыргыл баштап карысы,

Алтымыш миң кошууну

Ат коюшуп калышты.

Аш кайнамга калбады,

Он эки миң кошуунун

Ойрон кылып салганы.

Кан Шоорук эми акырды:

"Качыр! Капта! Койбо! "-деп,

Кайраттанып бакырды.

Жүргүзүп ийди майданга

Сексен төрт миң черүүсүн.

Селдей каптап качырды,

Аз экен деп ойлонуп,

Арыстан Манас баатырды.

Миңинин саны сексен төрт

Билгенге болду кызыл өрт,

Жеткен ажал далайга,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.