Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

 Ары чети Тагарма, 

Алайдын түштүк жагында,

Башы Даң-Дуң тоосунда,

Маймундуктун Шоорук кан

Жаткан экен ушунда.

Калча деген калкы бар,

Калча жайын сурасаң,

Кыргызга жакын каркыбар.

Кабак-Арт менен Торукдур,

Калкы кыргыз туруптур.

Ак-Сай менен Сары-Колду,

Аларга кыргыз карк толду.

Кенжутка жетти көчмөнү,

Аягы чыгып Алайдан,

Ысар тоону өткөнү;

Ырысы каткан Шоорук кан

Манасты билбей көпкөнү;

"Качып жүргөн салты бар,

Кара кыргыз деген эл

Мунун кайдан чыккан калкы бар?

Бул баатырсып келген кыргызга

Басылдашсам нетер? - деп, -

Капкайдан чыккан кыргызга

Катылышпай болбос, - деп, -

Карайлап келген кедейге

Кайдан чыксын жолдош, - деп, -

Бадакшанды алып жерим, - деп, -

Батпаган Маймун элим, - деп.

Бачагар кыргыз бүткөндүн

Басайын мунун демин! - деп. -

"Кыйындыгын көрөйүн,

Кыргыздан жылкы бөлөйүн,

Жалпайып жата бергенге

Жаман деп, мени ойлойбу?

Жаңы келген кыргызды

Чаап четин тойлойлу.

Өз жерине жатпаган,

Өзгө жерге батпаган,

Алты шаар журтунан

Мага кандай аттаган?

Сексен уруу элим бар,

Сегиз жүз баатыр эрим бар,

Кыйрашсам, күчүм канчалык

Кырчылдашар жөнүм бар!

Жакынын чаап алайын

Кошуунун жардап турганда

Жадатып кууп салайын.

Келгенин чаап алайын,

Келтирбестен ушуну

Кебезге сүрүп салайын.

Бадакшан менен балыкты

Башынан күтүп башкардым

Маймун урук калыкты.

Кадеми каткан кыргызды

Таш-Котондун жерине

Кандай неме тургузду?

Жолугарга жолукпай

Жолу каткан кыргызды,

Шоролу менен Тагырма

Жооп берип ким тургузду?

Кесеңдиси уурусу,

Кесири тиер мунусу.

Соодагер көрсө сойгудай,

Соңунан барган кишиге

Жооп бербей койгудай.

Өздөрү жүрүп өлө албай,

Өкүм кеби бирдалай.

Жандары жүрүп жай албай,

Жаалдык кеби бирдалай.

Кошуунду жыйнап албасам,

Анча-мынча бүлдүрүп,

Анжыян менен Кашкардан

Артылта кууп салбасам!

Аңдадым кылар жумушун,

Байкап көргүн баарысын,

Балаасы элге жугушун.

Кошуун жыйып, кол жыйып,

Кошуунду арбын мол жыйып,

Кысмакты буга кылайын,

Кыйыктык кылган кыргызды

Кылычка салып кырайын.

Кызылдан ары өткөрүп,

Кыр ашырып тынайын.

Кошуун алып жүрөйүн,

Аягын өөдө түрөйүн.

Айдап тоодон ашырып,

Алайдан ары сүрөйүн".

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.