Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Белде калар бекенбиз?

Таңдай кургап, көз жайнап,

Чөлдө калар бекенбиз?

Жаш күчүктөй кынылдап,

Арам өлөр бекенбиз.

Чөөлүктүрдү Алооке,

Чөлдөн кашык суу таппай,

Жаман өлөр бекенбиз!

Алты шаар Кокон кан,

Аяк жагы Самаркан

Алым салып абыдан,

Бажыга* малын жечү эле,

Казына күтүп малынан,

Күтүп жаткан кезинде

Катуу мушкүл доо келсе,

Чалдырбаймын дечү эле.

Кулак угуп, көз көргөн

Алп-дөөлөрдүн бирине

Алдырбаймын дечү эле.

Эми көрсөң көп дүйнө

Топурактай чачканы:

Күндөп, түндөп тынч албай,

Тополоң салып качканы!"

Кошуундун баары муну ойлоп,

Кетип барат бой-бойлоп.

Жалпы Какшаал сыдырып,

Жаман-Сууну кыдырып,

Кара-Талаа басыптыр; ,

Чыканак жерге салбастан,

Чырм этип уйку албастан,

Чычая тынбай качыптыр.

Жылгын-Талаа, Таш-Кечүү -

Ал Алооке каныңдын

Өзү көргөн маш кечүү,

Куралган Ак-Жар тыягы.

"Кутулдук кулдан эми"- деп,

Көңүлү танган сыягы.

Куланак, Ак-Чий, Кең-Талаа,

Жүк түшүрүп салды дейт.

Манасың эми келбейт деп,

Мал өргүтүп калды дейт.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.