Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Азыркысын жарайлык;

Карап бердик деп туруп,

Алтайды көздөй тарайлык.

Какандын* барып четине,

Каспандын барып бетине,

Анан ишке жарайлык.

Азыркысын Манаска,

Амал иштеп тарайлык!

Ал сөздү айтып Алооке,

Калкынын көөнүн басыптыр.

Тирүүлөй өлүк болбойм деп,

Түн киргенде качыптыр.

Төктү жашын балдары,

Төөдөй боздоп чалдары;

Жылып качты астыртан

Алоокенин калмагы.

Найза тийип, ок жебей,

Булар тополоңдоп калганы.

Сакчылардын баарысы,

Нокто колго алышып,

Сарайдагы тулпарга,

Чуркап жөнөп калышып,

Камгак учкан эмедей,

Казына оозу ачылып,

Толуп жаткан алтындар

Талаага кетти чачылып,

Чачылып кеткен алтынды

Бакырлар таап алышып,

"Бали, ушундай болсун" -  деп,

Кубанышып калышып.

Ар кай жерде дүрбөшүп,

Калмак, кытай антаңдап,

Чоң Алооке канына

Тулпар токуп ат камдап,

Улук экен Алооке, -

Ушунчаны бат камдап.

Кымбат торко* буулумду

Кыйгачынан бүктөтүп,

Кудайым деп сыйынган

Колодон кылган бурканды*

Кызыл пилге жүктөтүп,

Азууларын аркайтып,

Алдыңкы эрдин шалпайтып,

Өрдөктөй мойнун койкойтуп,

Эки өркөчүн көрүнтүп.

Чуудаларын бөлүнтүп,

Төө күчтүүсүн алыптыр, -

Төбөңдөн тийген Алооке

Алтын жүктөп калыптыр.

Айгыр жалдуу, бээ курсак,

Кара байыр казанат,

Ат мыктысын алыптыр,

Арбак урган Алооке

Аянбай качып калыптыр.

Эркеч-Тамды ашыптыр,

Кашкардын каны Алабек

Төбөсүнөн басыптыр.

Как кашкардык өзүнө

Катуу мүшкүл салыптыр.

Качыр, төөсүн калтырбай,

Алооке тартып алыптыр.

Күн чыгыш бойлоп жакалап,

Таштуу жерди бакалап,

Ат качырдын баарысын

Абыдан мыкты такалап, -

Ошентип качып жөнөдү

Көңүлдү жаман оорутуп,

Көлүктүн баарын жоорутуп.

Көлүк жыйнап, бүлүнүп,

"Кызыталак Алооке

Көргөн экен бирди!" - деп,

Көп адам тилдеп күйүнүп,

Качып, үркүп, антаңдап,

Кошуундары шыбырап,

Бир-бирине кобурап,

"Бээжин ысык жер эле,

Кытай ыраак эл эле,

Кээ бир жери Бээжиндин

Кырк күнчүлүк чөл эле.

Жандуулар чыдап барбаган,

Кез болгон аман калбаган,

Кумга койгон кумганы

Куркурап чыгып кайнаган,

Чамаа чарчап, ал бүтүп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.