Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Конок ашка Алооке

Даярданды акыры.

Саясы салкын терек бар,

Сандыргалуу Манаста

Салтанаттуу Серек бар.

"Алооке кылар конокту,

Алоокеден аш жесең,

Арбыттыңар  домокту*.

Аш жегенди коюңар,

Малынан алып союңар.

Өзүңөр колго бышырып,

Өлчөө менен тоюңар!".

Ал сөзүн макул алганы,

Абакеси эр Бакай

Алты бээ, төрт өгүз,

Он мал салык салганы.

Союш малды союшуп,

Сексен төртү бул этке

Чала-була тоюшуп,

Кызмат кылган калмакка

Кыйласын берип коюшуп,

Эми жатты конушуп.

Эртең менен болуптур,

Алоокенин ордого

Баңдулусун* уруптур;

Алоокенин кошуну

Бири калбай аттанып,

Майдан тартып туруптур.

"Кармайлык" - деп Манасты,

Калмактардын кыйласы

Бул санааны санашты.

Манасты кармап алууга,

Мыктысы жолду талашты

Уруш башчы Түкүрүк

Арыстандай болуп бүгүлүп,

Барып калган кези экен

Алоокеге жүгүнүп.

"Көчүп келген көп бурут

Лайлама* жар болуп,

Келиптир сизге көп журут.

Оң кылууга келген жок,

Боз үйлүү экен көчмөндүү,

Болгон бизге өлчөмдүү

Ордого окус келиптир,

Лайлама жар болуп,

Сизге жардам бериптир.

Чакырсаңыз келгени,

Чамасын билбес бурутту

Сизге чындап бергени.

Уруксат берсең өзүмө,

Ушуну азыр тутайын;

Узатып тирүү жибербей,

Ушу бүгүн жутайын.

Мыкты болсо, миңдиктир,

Күчү болсо, пилдиктир.

Жырткычтан болсо жолборстур,

Көпчүлүк камап кирген соң,

Жолборс да болсо, оңбостур.

Арыстан болор, шер болор,

Мен киргенде кол салып,

Ондурбаймын акыры,

Оруну кара жер болор!".

Кан Алооке кеп айтат,

"Кандай жансың? - деп айтат,

Кылымга булар даң салган,

Кыргыз болуп аттанган;

Кыргыздардын кабыланы

Кыстап келип калганы.

Кыйыгына тийгендин,

Кыркышса, чыккан дал-далы.

Найза сайса тешпеген

Эр үмөтү көрүнөт,

Чапса кылыч кеспеген

Керемети көрүнөт

Баң-баң башчы* Түкүрүк

Басташам деп Манаска,

Мага турсун жүгүнүп

Мен турамын жанымдан

Чыным менен түңүлүп.

Чакырсам келди жап жалгыз,  

Кидиртпей бизге жөнөптүр,

Алты сан* сенин колуңду

Алты адамча көрбөптүр.

"Кырк алты жылы кан болгон,

Кылганы журтка даң болгон

Алооке деген мен элем;

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.