Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Сом темирди кажашып,

Чыгып тышка кете албай,

Көрүнгөн жанга жете албай,

Урунуп жүрүп тажашып,

Калуучу экен токтолуп.'

Караанын көрсө кишинин,

Качыруучу экен октолуп.

Кабылан Манас барыптыр,

Капкасын ачып алыптыр.

Бир башында миң жаны

Болсо да бири калбас деп,

Көчөгө ийрип салыптыр.

Качты жолборс көк жалдан,

Катылары болбоду.

Кармап алып кай бирөөн

Куйруктарын толгоду.

Жолборстор турду жыйылып,

Башын ийип баатырга,

Ишаарат кылып сыйынып.

Наадан экен ашкере,

Качырууга камданды.

Качырып   башын саларда,

Кабылан Манас кармады,

Аның айбандан башка узуну,

Алтайдын карсак* түлкүдөй,

Айландырып башынан

Урду жерге ушуну.

Мамонт өлдү суналып,

Бу канетет деп Алооке

Байкап турат муңайып.

Агулук деген башчысы

Айбан атка жем берип,

Ар качан күтүп, бакчуусу.

Ачыгып турган арыстандар

Агулугун талады:

Бөлүп кетип жолборстор,

Алакандай калбады.

Алооке карап сыртынан,

Акылынан танганы.

Тайбас, кылыч куйругу  

Жалпы турду токтолуп,

Залал кылып кол салып,

Катылары жок болуп.

Илбирстер иттей ирешип,

Ичинде жүрөт зор Манас,

Бир күнү кечке кеңешип.

"Ажыдаар бар, көрсүн деп"-

Алооке айгай салды тышынан.

Ажыдаар жутар бекен деп,

Үмүт кылды ушундан.

Жетип Манас барганы,

Ажыдаарды желкесинен кармады.

Сүйрөгөн бойдон чыгыптыр,

Көчөдөгү адамды

Аштымкана тамына

Коркутуп баарын тыгыптыр.

БОШОНГОН соң ажыдаар

Дүркүрөтүп ышкырды.

Бакмадагы куландар

Баары да үркүп бышкырды.

Падышалык чарбакка,

Ажыдаары сойлоду;

Алиги турган Алооке

Арыстан Манас баатырды

"Не жан бу?" - деп ойлоду.

Ажыдаар барды жайына,

Аттуу киши көрүнгүс,

Сойлоп кеткен сайына.

Сойлогон жери коо болду,

Барганы Соктун тоо болду.

Тоого барып жоголду

"Урушуп күчүм кетбес, - деп,

Ушул дүйнө жыйылса,

Бул Манасты жеңбес, - деп,

Атышып алым келбес, - деп,

Ааламдын баары жыйылса,

Акыры муну жеңбес, - деп".

Оюна муну алыптыр.

Ордокана чатырга

Ал күнү кайра барыптыр.

"Заар салсам ашка" - деп,

Санаасына алыптыр.

Ою терең Алооке

Айланы мындай издеген,

Ал күнү туруп Манасты

"Коносузбу сиз?"- деген.

Эли, жоосун байкабас,

Баатырлык менен күчүнөн

Өз боюна болгон мас, –

"Кономун"- деди баатыры;

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.