Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Акылын баштан жоготту.

Ырчылар ырдап ырларын,

Кайдан таап айтайын

Калп кошулбай чындарын.

Асеми минтип артылды,

Бакка пашаа киргенде,

Барпылдаган кернейдин

Алты жүзү тартылды.

Сыбызгы чоор ызылдайт,

Жезнан үнү тызылдайт.

Жезден кылып куйдурган, .

Пил терисин чойдурган, .

Каптатып пилдин терисин,

Каккан болсо көчүрөт

Маргаландын керисин*.

Узундугу үч кулач,

Үнүн уксаң оолак кач.

Жоондугу үч кучак,

Доолбасын карап бак.

Казандай күрсү алганы,

Кагаарда чабат балбаны,

Чапкан кезде балбаны,

Жаман-жумак тамдардын

Чыгат экен далдалы.

Ал добулбас кагылса,

Аманат айбан жыгылган.

Алты күндүк жерлерге

Ашпай-шашпай угулган.

Бүгүн добулбасы согулуп,

Маңгул, манжуриясы,

Тыргооту тыйпыл чогулуп,

Алооке маңгүү* кытайы

Арыстан Манас келер деп,

Күтүнгөн экен атайы

Салтанаттык чатырын.

Паашалык бакка куруптур,

Калдай менен жайсаңдан*

Кашында төрт жүз туруптур,

Ортон колдун шадысы

Он жашар бала билектей,

Билектерин караса,

Бир казан батчуу челектей;

Күчү кайнап ташкандан

Күрөшүүгө жан таппай,

Өз күчүнөн шашкандан

Мойну бука белиндей,

Оп тартканда деми бар

Улуу белдин желиндей;

Териси пилдин теридей

Төш жайыгын карасан,

Дөбөлүү тоонун керидей;

Кышкы кирген буурадай

Качырлап тишин чайнаган,

Кылып иер балаа деп,

Кынжы салып байлаган

Токсон экен балбаны,

Согушуучу адамдын

Чыга турган далдалы.

Алты миң киши тим жаткан,

Саябаны, чатыры,

Он эки миң санаты,

Ордо баккан баатыры.

Манастын жайын айталык,

Баштай түшүп кайталык.

Себилдүүсү* сексен төрт,

Серп салган жагы – кызыл өрт.

Карала байрак, сыр найза

Карылыкка салгандай,

Ажыдаар, жылааны

Артынан сойлоп калгандай.

Көсөө куйрук көк бөрү -

Көк жал эрдин жөкөрү

Капталдап ээрчип алгандай.

Асман жаккы айбаты,

Алп кара куш арбайып,

Асмандан бутун салгандай.

Кара башыл ак буура,

Он, капталдан туптуура,

Калжаң уруп качырып,

Кабактан чыкканга окшойт атылып,

Каршы алдынан көрүндү

Кара чаар жолборсу,

Караса жүрөк титирейт:

Бу да кабыландын жолдошу.

Чагарак куйрук, чаар жон,

Чамынганы соо болбос

Айкөлдүн сүрү бул жолборс.

Аяр экен Алооке,

Алыстан көзүн салыптыр.

Айбатын көрүп баатырдын

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.