Яндекс.Метрика

Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы

Айран азыр калыптыр.

Астында бар жыйырмасы,

Адис баатыр жыласы.

Арыстан Манас жолдошу,

Атканын жазбас жолборсу.

Ата турган баштанып,

Мылтыгын бетине алыптыр.

Кароолго көзүн салыптыр.

Алоокеге бет алып,

Каптап кирип барыптыр.

Добул согуп күңгүрөп,

Тоо көчкөндөй дүңгүрөп,

Толкуган көлдөй шарданып,

Токтолбостон жарданып,

Арыстан Манас барыптыр,

Айбатынан чыдабай,

Алооке сындуу падыша

Тагынан түшүп алыптыр.

Коомасын* айтып кол берип,

Чатыры жакка жол берип,

Баштап калды баатырды

Падышалык ордого.

Баатырлар тикти чатырды.

Аярдык көзүн салыптыр;

Айбатын көрүп, Алооке

Айран азыр калыптыр:

Кирпиги жалын, көзү чок,

Кишиде мындай сонун жок.

Айткан кеби – аткан ок,

Адамда мындай порум жок.

Кирпигине караса,

Курч албарстын учу бар.

Бир өзүнүн башында

Миң балбандын күчү бар.

Жолборс мандай, таш жүрөк,

Жооруну калың, пил билек,

Кыр мурундуу, кызыл көз,

Кыйгаш каштуу, заар сөз,

Жалжагай ооз, жар кабак,

Жаалы катуу көрүндү,

Качырганы соо болбос,

Каары катуу көрүндү.

Алооке деген кан экен,

Аяр чалыш жан экен,

Сынчылыгы бар экен,

Көрүп көк жал Манасты

Аңдай албай Алооке

Акылынан адашты:

Беттешкени мерт болбой

"Кетүүчүдөн көрүнбөйт,

Талабына тартышкан

Жетүүчүдөн көрүнбөйт.

Катылбайын кол салып,

Кара жанга зор салып.

Баштабайын буга уруш,

Балакетке жол салып,

Ажайыпта жерлер бар,

Күнөкөрдөн бир миңин,

Айдап кийрип жиберсе,

Аш кайнамда жеген бар.

Баарысынан кыйыны

Жабыр баян* деген бар.

Көрөмүн десе окустан,

Барса келбес жолуна

Баарын кийрип иейин.

Кабыландар жеген соң,

Калган мунун элине

Эрким менен кирейин".

Көөнүнө муну алыптыр,

Ажайып кана көрсөм деп,

Көк жал айтып салыптыр.

Алсырады каныңыз,

Аш ич дөөгө жарабай,

Айбалтасын таянып,

Арыстан Манас жөнөдү.

Айбалтанын чокусу

Анча-мынча чарадай,

Барса келбес жолуна

Баары басты сексен төрт

Баатырынын соңуна.

Темир коргон тешиги,

Башын салган соо болбос,

Бирине бири жете албай,

Күркүрөп жаткан көп жолборс.

Темирден салган дубалдын

Тешиктен киши көрүнсө,

Адамды алып жесем деп,

Термелтер эле буларың.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.