Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Кесектин уулу Шоорук кан

Мына ушундай буулуккан,

Кесиреттүү бу бир жан,

Таянганы Индистан,

Кабары жок мурунтан

Кайнап жаткан кыргыздан,

Тарса менен Үндү бар,

Аралаш жаткан элине

Жедигер менен Инди бар,

Шаңкай деген кыргыз бар.

Ал Шаңкайдын журтунун

Ат ордуна мингени

Кызыл куйрук кызыл нар.

Татала деген журту бар,

Таза сонун ушулар.

Кышында барбайт ээлери,

Кырга кетип төөлөрү.

Төөгө ылайык чөлү бар,

Жапайы кетип жан сактап,

Төө кийиктин көбү бар.

Ар жагы Наамут дайрасы,

Баккан малы баш бербей,

Башынан кеткен айласы.

Караган Шоорук канына

Каарданып Шоорук кан,

Кабар берди баарына.

Жапан таруу, буудай бар,

Тамашасы мындай бар.

Жазийра, жемин чөлү бар,

Кесип кылган адамга

Кесенденин көбү бар.

Илбирс, жолборс, кабылан,

Издегениң табылган.

Катын аюу, дого аюу

Тоолорунда жайылган.

Жапан жүргөн тоту бар,

Жайса малга оту бар.

Чөбү калың, суусу кең,

Төөсү кийик болгон эл.

Төөнүн баары нар экен,

Булакка жакын жеринде

Жапайы адам бар экен.

Алты күндүк, беш күндүк

Адырга салган тамы бар,

Атасынан бабасы

Кылып жүргөн камы бар.

Жапан арпа, буудайын

Жан жагынан койбостон,

Оруп-жыйып жудайын,

Бастырып аны ала албай,

Малга басып бара албай,

Сууга таңсык баары чөл,

Жылаандардын баары төл.

Чөлдө жүргөн кулан бар,

Урун мар деп аталат,

Уча турган жылаан бар*

Эртелеп кабар салыптыр,

Эки жүз да токсон миң :

Элин жыйып алыптыр.

Чечендер аттуу баатыры,

(Ченсиз айбан акыры)

Күлтүкан аттуу баланы

Күлдү журтун алганы,

Күйөнүш, Кээман аяры,

Эр Шоорук кан баш болуп,

Күңгүрөп жолго салганы.

Шоорук кандын кызыл туу

Асабасы жалбырлап,

Алтын купа* добулбас

Какса угулуп, каңгырап,

Тартып керней, бапылдап,

Дап кактырып, дапылдап,

Чымылдагы, сурнайы,

Карап көрсө, карааны

Чын балакет турбайбы!

Эркек үчөө, кызы экөө

Шоорук кандын баласы.

Башы Маймун калаасы,

Азыр жердеп турганы -

Таш-Котон, Кабил арасы.

Акылай улуу кызы экен,

Ургаачынын сарасы.

Он алты жарым жашы бар,

Оролгон кундуз чачы бар,

Асемдеген топчудай,

Келишкен кара кашы бар.

Инжуу тиштүү, кыйгач каш

Тамагынан көрүнгөн

Кара мейиз жуткан аш.

Колу күмүш зымындай,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.