Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Бели канжар кынындай,

Сонундугу этинин

Кынап кылган чыныдай.

Карагаттай көзү бар,

Канттан ширин сөзү бар.

Кошуунун жолго салыптыр,

Аттанамын эртең деп,

Эр Шоорук үйдө калыптыр.

Кериле басып Акылай,

Кеп айтуучу кези бар.

Кыздын кеткен үшү  бар,

Түндө көргөн түшү бар:

"Ата, сизге кеп айтам,

Алысты самап мен айтам!

Аттанбасаң деп айтам!

Жетиген жактан сел келди,

Селдей көчүп.жер келди,

Жер учурган жел келди.

Аккан селин андасам,

Кара баткак Алайды

Карайлатып куткарбай,

Каптал калды далайды.

Сел баткакка калыпмын,

Сенделип качып алыпмын.

Агып сууга өлөрдө

Алтын барик* чынарга

Өзүм жетип калыпмын.

Чыктым чынар башына.

Ачасында олтурсам,

Атакем келип кашыма,

Терекке калдык тербелбей,

Кериде калдык кебелбей,

Ыжыраттын талаасын,

Чыраштынын калаасын,

Таш-Котон менен Самбыла -

Бул экөөнүн арасын

Суу каптады, сел болду,

Кыян менен кыжылдап,

Агып жүргөн эл болду.

Жоручуңуз бар бекен,

Атаке, бул иш не болду?

Жүрөгүм чочуп айрылып,

Жүдөдүм жаман кайгырып,

Алтайдан келген кыргыз деп,

Каңгайдан келген качкын деп,

Асыла берип, атаке,

Жүрбөгүн тактан айрылып?".

"Башың курган, бала, - деп, -

Башчы болбо мага! - деп, -

Бакшы болуп кеттиңби?

Жашабай жатып, кандай түш,

Айтасың мага жана, - деп. -

Кыян каптап сел келди,

Сел болгону эмеспи,

Кыргыз деген эл келди,

Чыккан чынар терегиң

Чындап кудай бергени.

Чаап алып кыргызды,

Чынарга чыгып турганың,

Чырагым сенин тунганың.

Такка минген өзүмдүр,

Так ушу, балам, сөзүңдүр!".

Айтып аны Шоорук кан,

Адамдар болду айран-таң.

Добулбасы кагылып,

Тууга байрак тагылып,

Шоорук жолго салыптыр,

Он бир таш* жерге жол басып,

Барган экен кошууну

Памир тоого таянып,

Кошууну кеткен кол басып,

Бара турсун каныңыз,

Баатыр Макас не болду,

Кабарын угуп алыңыз.

*  *  *

Жараткан алда жар болуп,

Ар кылган иши шар болуп,

Кошууну алты сан болуп,

Атпай кыргыз жам болуп,

Атанып айкөл кан болуп,

Айтканы журтка дүм болуп,

Колу токсон миң болуп,

Ала-Тоо, Алай жер болуп,

Ченине келген эр болуп,

Челишүүгө душмандын

Жүрөгүнө чер болуп,

Жалпы кыргыз журтуна

Шамал тийбес ык болуп,

Жан жолдошу кырк болуп,

Сайышуучу душмандын

Жүрөгүнө дык болуп;

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.