Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Айтканын ар ким эп кылган,

Атышкан жоосун мерт кылган,

Ар кайсы кандар кеп кылган

Атагын угуп Манастын,

Анжыяндын Алооке

Оңдурбайт деп акыры

Алты жыл мурун шек кылган.

Наамандан алып далайды,

Айылы өрдөп Алайды,

Анжиянды, Кашкарды, -

Аталык жерин башкарды.

Бардап кыргыз элдерин,

Байкап көрүп жерлерин,

Баатыр шонтүп туруптур,

Шол чакта келип туурадан,

Шоорукту кудай урутур.

Каратегин жол салып,

Алайда жаткан кыргызга

Кошууну келип кол салып,

Нойгуттун жерин чалыптыр,

Ошпурдун айлын оңдурбай,

Окчуну чаап алыптыр.

Окчу кыргыз уругу

Ойбой салып куруду.

Ак боз атын моюндап,

Ак сакалын коюндап,

Айыл башы Акбалта

Айла кылбай бу калкка,

Жети миңдей жылкыны

Желеден Шоорук айдады.

Бул экен элдин айбаны,

Айбан эмей неткени,

Кулуну калып желеге,

Кууп алып кеткени!..

Алтымыш миңи нар, иңген,

Канчасы качыр миниптир,

Кайсы экени билинбей,

Качып жолго кириптир.

Туш тоту деген бар экен,

Андан минген аты бар,

Албар тоту мингени,

Он эки миң каркыбар.

Аягы Ысар, Көлөптөн

Айдап жылкы барчу экен,

Самбыланын шаарына

Сатып кетип калчу экен.

Сары алтын менен ак күмүш

Санатып булун алчу экен.

Андан алган аттарын

Арабага салчу экен.

Жал, куйруктан айрылып,

Жыл маалына чыдабай,

Чымындан өлүп калчу экен.

Капкайдан бери калтырбай,

Кошуунун жыйып алыптыр.

Элдин чети Алайга

Эрдемсип, уруш салыптыр.

Айдап тийген жылкысы

Кыруулашып ээлери,

Кулундары кишенеп,

Кайра качып бээлери,

Арбаңдатып нар менен

Артынан куба келгени.

Найзага адис, атка чың,

Атыша кетсе, жоого тың

Нойгут, Окчу, Думара

Ойрон салды буларга.

Мылтык менен атышып,

Ок тийгендин баарысы,

Коркурап келип жыгылып,

Короого сулап жатышып,

Айлы үркүп Алайдан,

Аз болгондо алты жүз

Адам өлүп алардан,

Качып келген жылкыдан

Кармап алар минишип,

Анжыянды бет алып,

Айланып жолго киришип,

Кошуундун көбү ар жакта

Кулунга качкан бээлерге

Тособуз деп иришип.

Тос-тос кылып жылкыны

Тополоңго киришип,

Калаба кылды калчасы

Керемдинин коо менен,

Көлдөлөңдүн тоо менен

Кырга чыгып кутулду.

Кыргыздардын канчасы,

Ычкырдык деген бел менен,

Алмалуу деген жер менен,

Атышууга чыдабай,

Арбын кошуун эл менен,

Кылчайбай кырга чыгыптыр,

Кыргыздын адис мергендер

Кыйласын атып жыгыптыр.

Күн бейшемби чак түштө

Кан Шооруктун кошууну

Каптап уруш кылыптыр.

Жер жайнатып жылкыны

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.