Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Не болсо эртең көрөрмүн,

Кармашса канын төгөрмүн".

Каарданып муну айтып,

Кабылан төрө Манасың

Жатып тынчтык алыптыр...

Эрте туруп эрендер,

Атка тердик салыптыр,

Багымдат намаз окушуп,

Азирлеп атын токушуп,

Жарагын белге чалынып,

Жалпы баары камынып,

Ак күбө тонду кийинип,

Саадагы бала белиндей

Тасма* тартып ийилип.

Алыскы-жуук айныбас,

Ыраакы-жакын ылгабас,

Ортосу болот, оозу албарс

Түтүнү туман, түбү Ыспан*.

Кароолу дажал, огу ажал,

Асынып жүрсө, Аккелте,

Ашыкпаса, -койчагыр*.

Ачууланса, - замбирек, -

Аккелте мылтык асынып,

Шай колдогон бадирек*

Камыш кыйып каптаган,

Тарамышка чаптаган,

Темирин сегиз кырдаган,

Он эки түрлөп сырдаган,

Бөрү тил мизин чыгарган,

Учун ууга сугарган,

Шамалга тийсе ырдаган,

Тийген жери ырбаган,

Чагарак алтын тактырган,

Душман жакка бактырган

Салды найза карыга.

Сандыргалуу арыстаның

Бүгүн минип каарына,

Түн ичинде суурса,

Өрт өңдөнүп кызарган,

Уруштуу күндө узарган,

Заарын тарткан мунардан,

Учун кайкы чыгарган,

Тоого чапса, таш кескен,

Белге чапса, баш кескен,

Шиберге койсо өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен

Байланды албарс кылычын

(Аңдап көр жоого кылышын).

Таш көмүргө таптаган,

Как ыргайга саптаган,

Көөкөрчө кылып ийдирген,

Кыл кыял чаап чийдирген,

Чагарак алтын сомдогон,

Чапкан жоосу оңбогон

Эшик эндүү айбалта

Кыстарып алды белине,

Эми эле жетип барам деп

Шоорук кандын элине.

Коргошун, чоюн куйдурган,

Сабын темир бурдурган,

Башын болот каптаган,

Сабын темир саптаган,

Бери болсо күрсүсү,

Беш жүз батман салмагы.

Бек өңөрүп алдына

Беленденип алганы.

Арыстан эрдин мингени

Аккула деген аты бар,

Айбандан бөлөк зааты бар.

Чаткаягы Чаткалдай,

Жүрүп берсе чатына,

Жүктүү төө баткандай.

Куюшкандын кошконго

Он бир карыш казанды

Ойноп-күлүп аскандай.

Болжолу жок чоңдугу,

Бооруна карандын

Момолой ийин казгандай.

Таноосуна, мурдуна

Кирер болсо жорголоп,

Азыркы жүргөн адамдар

Кийми менен баткандай.

Камыш кулак, сом туяк,

Балтыры өгүз белиндей,

Басканы сырттын желиндей.

Чарайна төшкө тартынып,

Каруу-жарак, карк алтын,

Көпкөк темир артынып,

Карыпчысы*, кыягы,

Каармандай сыягы,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.