Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Дөбө жерге тиктирген

Төрт төбөлү көк чатыр,

Төрө Манас баатырды

Төгөрөктөп олтурган

Көзгө саяр көй баатыр.

Салам айтып Ырдыгы,

Салды башын чатырга,

Көзүн салды баатырга.

Көргөн жерде таң калды,

Көрсө, Күйөнүш аяр ушунда.

Күйөндүн ишин көрүптүр

Ичинде Ырдык билиптир.

Кантер экен өзү деп,

Аярлыгы аз эле

Ырдыктын жетпес күчү деп,

Кирген жерде Ырдыкты

Алың келсе ал! - деди, -

Эгер алың келбесе,

Кошуундагы аярга

Айтып кабар сал"-деди.

Ырдык чоочуп калганы,

Ашыккан бойдон оозуна

Аярлык майын салганы.

Чыңырыгы баш жарды,

Аярлыктан алиги

Жети таш жерге учурду

Жерде майда таштарды.

Аяры бар экен деп,

Аман кантип кетем деп,

Күйөнүш ойго алыптыр,

Окуп апсун салыптыр;

Көк кептер боло калыптыр.

Эшигин көздөй чатырдын

(Өнөрүн көргүн капырдын)

Тырпырап жаны жетиптир.

Алгыр кыраан куш болуп,

Ырдык илип кетиптир.

Күйөнүш апсун бир окуп,

Болду бүркүт, алгыр куш,

Аткыганда бүркүттөн

Ардалыкта калбады

Бир серкедей акыл-үш.

Артык аяр Танабул

Апсун окуп салыптыр.

Ар тырмагы найзадай,

Үкү боло калыптыр.

Карайлатып асылды,

Канатка тырмак батырды.

Тырмак орду кан болду,

Аярда мындай жан болду:

Адам болбой дөө болуп,

Эсеби нечен сан болуп,

Берки турган беш аяр

Пери болуп, жин болуп,

Тирелишкен эки журт

Бул ишине таң болду.

Дөө-перилер урушту, -

Ким көрсүн мындай жумушту!

Ырдыктын тарткан найыңан,

Өзү олтурган жайынан,

Улуу кара куш болуп,

Кеман келип буларга,

Уруш кылды туш болуп.

Түн ортосу болгондо,

Жыбырап жылдыз толгондо,

Аярлар колго илинди,

Алда эмине болот деп,

Кошуундар чоочуп бүлүндү.

Пери болуп, дөө болуп

Бет алышып турушуп,

Беш миң, төрт миң кол болуп,

Бел байлашып урушуп,

Кабылан болуп, шер болуп,

Кай бир маалда кетишип,

Каптаган кара сел болуп,

Кай бир маалда кетишип,

Булут болуп, жел болуп,

Күйөнүш кылды өнөрдү.

Өнөрү кабат сай болуп,

Эми билди өлөрдү.

Кошуунунда Манастын

Чоң аярдан жети экен,

Кичи аярдан эки экен,

Колго түшүп Күйөнүш

Кор болуучу кези экен.

Апсун окуп дем менен,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.