Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Чагалак кетти чалкадан,

Анык ажал кармады.

Чагалагын өлтүрүп,

Чалкасынан салганы.

Майданда Сыргак бакырып,

"Баатырың бери чыккын!" - деп,

Байрак булгап чакырып,

Сырттан Сыргак туруптур,

Кан төгүлөр кези экен,

Маймунду кудай уруптур.

Отуз миң, черүү ат койду,

Ат койсо да бат койду.

Ошо күнкү уруштан

Ойбойлошуп жан тойду.

Отуз миңи жабылып,

Ок, мылтыгын камынып,

Туш-тушунан Сыргактын

Душман келип кол салды.

Кол салганда мол салды.

Миңди көрсө, шашпаган,

Миңди көрсө бир өзү

Көп экен деп качпаган,

Билгең ишин баштаган,

Санды көрсө, шашпаган,

Санды көрсө бир өзү

Жалгызмын деп качпаган, .

Сундурса, найза тартпаган,

Сумсайып жоодон кайтпаган

Сыргакең Көкказык атты чуратып,

Көсөмдөрдүн кыйласын

Көмө чаап сулатып,

Артынан тозоң буратып,

Аянбай уруш салыптыр.

Эки-үчөөн көмө чапканча,

Эңшерилип көп кыргыз

Эми кирип барыптыр.

Элүү миң черүү акырып,

"Жаа, алдалап" бакырып,

Жапырт кирди урушка.

Отуз миң келген жөө экен

Ойду көздөй жапырды,

Обого чаңын сапырды.

"Жүр-жүр! " дешип баарысы,

Шоорук кандын кошууну

Жүз миңи кнрип калышты.

Аларды көрүп акырык,

Найзага желек жапырып,

Акбалта, Жакып карысы

Арыстан Манас баш болуп,

Ак калпак кыргыз баарысы

Ат коюшуп калышты.

Аралашып эки кол,

Арманы жок салышты,

Айбалта, кылыч чабышты...

*  *  *

Ар түрлүү элдин улугу,

Арманда Шоорук куруду.

Сакалат менен тарсасы

Келген экен бул колго

Ынды менен калчасы.

Күн жүрүшү тарабы

Жылкыга таңсык барчасы.

Качыр минген, нар минген,

Төө мингени дагы бар,

Төбөлөшүп көп кошуун,

Уруш болгон чагы- бар.

Кыйгактуу найза, көк түпөк

Кылымга тете кырк баатыр, 

Кыраан  Манас баш болуп,

Чуу тартып уруш салганда

Чуңкурларга кан толуп,

Алайдын башы Ала-Бел,

Аралашкан калың эл.

Тууга карап турушуп

Туу такандап урушуп,

Колтуктун баары чоюлуп,

Колдун баары жоюлуп,

Канаттын баары кайрылып,

Чапандын баары айрылып,

Этектин баары түгөнүп,

Ээрлер сынып үбөлүп,

Эриндин баары кесилип,

Эмчектин баары эзилип,

Тизенин баары сүзүлүп,

Тйзгиндин баары үзүлүп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.