Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Инди менен Маймун бар.

Катылып кара кыргызга,

Как өзүмдө айбым бар.

Шоокун кыпчак Абий бар,

Каңгайлык калмак башы бар,

Кыргыздан бар Жедигер,

Кырып кыргыз салган соң,

Кыйрым кайдан жетилер.

Бозек менен шаңкай бар,

Ойрон кылды баарысын

Оңолбогон далай бар.

Бузулуп кетип кандыгым,

Мурунтадан ойлонбой,

Мындай иши бардыгын!

Өкүмсүп туруп, өрттөндүм,

Кыйынсып туруп, кырылдым.

Олжосу болду кылымдын.

Катыларга катылбай,

Кадемим мындай катарбы ай!

Кабылан жолго жатарбы ай!

Жолутарга жолукпай,

Жолум мындай катарбы ай!

Жолборс жолго жатарбы ай!

Бул түгөнгөн кыргыз тукуму,

Түк билбеймин мен муну,

"Кытайдан качкан качкын деп,

Маңгулдан качкан байкуш деп,

Байкабай барып кол салдым,

Кол салбай куруп калсамчы,

Балакетке чоң калдым.

Күн чыгышта Кумулду,

Кумул деген калаа бар,

Ал Кумулдун атагы

Араң бизге угулду.

Баш алып качып келди деп,

Барып буга катылдым,

Манас деген бу кыргыз

Баарын алган шыкылдуу.

Жетиген жагы Кара мор

Калың кыргыз журтуна

Кабат келген бу бир доор,

Аңдабай барып асылып,

Кайнаган экен менде шор.

Өзүнө барып жыгылып,

Өлтүрбө деп сыйынып,

Кыл деген ишин кылайын

Кабылан Манас баатырга

Карап берип тынайын.

Калкым кетти чачылып

Абийрим калды ачылып.

Күн батыш жакы четинде

Катаган деген бирөө бар,

Дагы турар асылып.

Кундуз, Талкан жери бар,

Бет алып кирсе, соо койбос,

Беш уруу кыргыз эли бар.

Барбардигер жар болгон

Берен Кошой эри бар.

Бекер турам дегеним,

Меники кайдан эби бар?!

Кызыл муштум балдарды,

Кырдырбаймын калганын

Кызыл ээк чалдарды.

Эмгектеген жашы бар,

Эңдиреп калган башы бар.

Эңкейип калган кары бар,

Кыйылбай карап бербесем,

Кылар иши дагы бар".

Муну ойлонду Шоорук кан,

Мурунтадан ойлонбой,

Мурдар* болду канча жан.

Көрүндү дүйнө көзүнө,

Көпөмсүгөн кан Шоорук

Эми келди эсине.

Тартуу алып бармакка

Эр Манастын өзүнө.

Ордодо жүргөн отуз кыз -

Окуп жеткен баары уз.

Кымбат баа кийгизип,

Кылтылдаган жорго аттан

Отуз бедөө мингизип,

Жасап кыздын баарысын

Таштады Шоорук намысын.

Өз баласы Акылай

(Ойлонсоң кара жан кыйын,

Ошону баштап алышын!)

Он алты жарым жашы бар,

Олоңдой кара чачы бар.

Тал чыбыктай бою бар

(Салтанатын коюп ал!)

Кашы кара кыйылган,

Карасаң сонун бу бир жан.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.