Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Мылтыктын баары атылды,

Мыктылардын баарысы

Кызылдай канга батылды,

Кылычтын баары чабыдды,

Кыргыз уулу бүткөнгө

Кызык бүгүн табылды.

Найзанын баары жанчылып,

Ажалдуу өлүп, жан чыгып,

Курсунун баары урулуп,

Күнү бүткөн жандары

Денесинен суурулуп,

Төө минген аскер эчен сан,

(Төөгө ишенип урушкан

Төбөңдөн тийген кандай жан!)

Аттуулар мурун жетишип,

Найза сала кетишип,

Качырды минген кайгырды,

Каруусу аттай боло албай,

Кара жандан айрылды.

Нар мингендер аргытып,

Кайраттанып каргытып,

Алтайдан келген кыргызы

Арбын экен ырысы,

Арбын эмей неткени

Качкандарын куткарбай,

Качып берсе жеткирбей;

Кармашкан жоосун кеп кырды.

Жакын ара келтирбей,

Эртесн жок кечинде,

Түш эңкейген кезинде

Көтөргөнү туу болуп,

Көзүнүн жашы суу болуп,

Сандыргалуу айкөлдүн

Заарына чыдабай,

Шоорук каны баш болуп,

Качып алып жөнөдү,

Ар тушунда бел менен

Ашып алып жөнөдү.

Өлгөнүнөн калганы

Эки үч бөлөк бөлүнүп,

Шашып алып жөнөдү,

Анжыян, Кашкар арасы

Алайдын башы бел  экен,

Ары жагы Таш-Коргон,

Тагырма деген жер экен.

 Капчал-капчал коосу бар,

Тар капчыгай тоосу бар,

Калча менен тарсасы

Капчыгайга чуурушуп

Качып кирди каячасы.

Аты-тондон кечишип,

Талабына жетишип,

Жылаңайлак-жылаң баш

Ташка чыгып кетишип,

Үңкүр көрүп тоо-таштан,

Жерге кирген андан кеп.

Жийде, жангак токойго

Черге кирген сандан кеп.

Тоодо токой бадамы,

Тоого-ташка тыгылды

Шоорук кандын адамы.

Качкан жоосу курусун,

Алып жүрөт кыргыздар

Ээси жок аттарын,

Бүтүрүп алып жумушун.

Миркапты көздөй бет алып,

Каны Шоорук салыптыр,

Үч жүз миң келген кошуундан

Шоорукка жолдош көп элден

Алтымыш миңи калыптыр.

Кабандар деген жол менен,

Бузулуп качкан кол менен,

Кеман качып алыптыр.

Алайдын башы Ала-Таш

Ар жагы Тегин, Кара-Коо,

Артына түшүп душмандын

Атпай кыргыз калың жоо.

*  *  *

Аларды таштап коюңуз,

Арыстан Манас баатырдын

Кабарынан болуңуз.

Сексен төрт киши  эр менен

Арт жагында көп кыргыз

Алты уруу арбын эл менен,

Артынан келип арбышып,

Эки жүз миң толуптур,

Эки жүз миңден артыгы

Он тогуз миң болуптур.

Кабарт, Саркол, Ыдыраң,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.