Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Кылычтап бөлүп, кыймалап,

Канча туурап салса да,

Кайтып болот ажыдаар, Көрүнбөй элдин көзүнө,

Жакын келбей өзүнө,

Аярлык иши ушу экен,

Күйөнүштүн өз жаны

Кара курт деген куш экен.

Жакындабай жанына,

Жарым таш жерде турчу экен.

Кароолго Камбар барыптыр,

Карап туруп бир кушка,

Айран азыр калыптыр.

Чыңырган үнү чын жаман,

Бейлесе* үнү бек жаман,

Канатын сабап барпырап,

Каргадай үнү чаркырап,

Азап тарткан Күйөнүш

Алда канча бөлүнүп,

Карап турса кара куш

Катуу-катуу кыйкырат

Топуракка көмүлүп.

Алда кандай бул иш деп,

Айгай салган куу куш деп,

Камбар мылтык алганы,

Кароолго көзүн салганы.

Башын өлчөп эр Камбар

Маша ирмеди куш үчүн,

Бакырган куш деп ушу үчүн,

Мылтыктын огу жетиптир,

Башын үзүп кетиптир.

Кулак тунду дүңгүүрөп,

Бузулгандай көрүндү

Дүнүйө жүзү күңгүрөп.

Жашыл түшкөн немедей

Жаркырады асман-көк,

Жер титиреп жаткандай,

Жер дүбүртү андан көп.

Чакыр-чукур чад болду,

Кыйын аяр өлдү деп,

Кылымдын баары таң болду.

Ажыдаар болгон Күйөнүш

Анык аяр өлгөн соң,

Ааламга маалим болду иш.

Күйөнүш өлгөн жери бар,

Кара-Тегин Алайда

Ушу күндө бир жерде

Күйөнүш деп күлдү журт

Айтып жүргөн кеби бар.

Башчы болгон тарсага

Баатыр Шоорук эри бар.

Жүз кырк миң кошуун кашында,

Чагалак каар дегени

Чабдар качыр ат минген

Чаап чыгып келгени.

"Жаткан кыргыз эл,- деди.

Ажалың анык жеткениң,

Азыр мага кел!" - деди.

Майданда байрак булгады,

Өлөрүң келгин дегенде

Өткүр Сыргак турбады.

Өнөрү болсо көрөйүн,

Өнөрү жок ит болсо,

Өзүн жерге көмөйүн.

Арыстан сыргак күүлөнүп,

Ачууланып сүйлөнүп,

Эр Сыргакта не туруш?

Кызыл атка камчы уруш!

Качырып Сыргак жеткени.

Ошо турган Чагалак

Найза муштап өткөнү.

Чагалактын найзасы

Чарайнага бир тийип,

Чарт үзүлүп кеткени.

Айгайлаган оозу деп,

Ажал күнүң ушу деп,

Оозго найза жеткени,

Шилисинен коркоюп,

Найза чыгып кеткени.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.