Яндекс.Метрика

Озу келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан женилиши

Алтымыш кулач ажыдаар,

Күйөнүш болуп алыптыр.

Эми дуба сүйлөтпөй,

Чүкүрүк бир дем салыптыр.

Байлады тилин Чүкүрүк,

Апсун окуп оозуна,

Чүкүрүк аяр түкүрүп.

Аңдап көр аяр оюна,

Ажыдаар болгон аярдын

Артты чынжыр мойнуна;

Моюнга чынжыр байлады,

Апсун окур тили жок

Күйөнүш шору кайнады.

Кыйналдык кыйла биз деди.

Кеман аяр кетиптир,

Кан Шоорукка жетиптир,

Кыс көтүңдү сиз деди.

Учуп шамал жел болуп,

Кеткен экен Кеманы

Тозоң болуп тосуптур,

Артынан түшүп алты аяр

Арыбы андан озуптур.

Кутулбасын билиптир,

Куу сакал купкуу чал болуп;

Шоорук кандын кошуна

Кеман аяр кириптир.

Кетпесин деп бакалап,

Ар сүрөткө киришип,

Кемак үчүн иришип,

Тарсанын колун жакалап,

Алар минтип калыптыр.

Беш жүз, он үч адамы,

Себетке жүзүм салганы.

Аш бышымдай болгондо,

Боорум дешип боздошуп,

Ичин басып ийилип,

Өрттөндүм деп өзөгүм,

Өбөктөшүп өкүрүп,

Жедик кайдан жүзүм деп,

Жегенине өкүнүп,

Агып көбүк оозунан,

Акылдан кетти канча жан.

Адамдын тери дары деп,

Көйнөк-дамбал чечишип,

Көңкү кошуун баары деп,

Алты миң, беш миң адамдар,

Колдо турган көп жандар

Кирдүү көйнөк чечишип,

Жан казанга суу куюп,

Буту тердүү боз балдар,

Аягы менен тебелеп,

Напсиң кургур муну ич деп,

Ачууланып жемелеп,

Кесеге куюп сунушуп,

Баарын койбой ичкин деп,

Маңдайына турушту,

Ичпей турган кай бирөөн

Өлөсүң деп урушту.

Жутуп алып кусушуп,

Сулаганы дагы бар,

Өлдүбү деп тирүүбү?

Талып калган кай бирөөн

Сураганы дагы бар.

Кусуп салып эс алып,

Кубанганы дагы бар.

Эң шайманы кеткенин,

Өлүмгө жуук жеткенин,

Ажыдаар болгон Күйөнүш

Маңдайынан чегишип,

Агыл чыккан канынан

Алып келип беришип,

Жүзүм жеген көп киши -

Беш жүз он үч кишиден

Дүйнөдөн кайтты төрт киши.

Төрт кишиси өлүптүр,

Жаназа окуп көмүптүр.

Ажыдаар болгон Күйөнүш,

Аярлар келип жыйылып,

Алтымышка бөлүптүр.

Аяр болуп Күйөнүш

Азапты минтип көрүптүр.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.