ЖАКЫП ЭЛДИ ЧОГУЛТУП, АЛТАЙДАН АНЖИЯНГА КӨЧӨЛҮ ДЕП АЙТКАНЫ
Чакыртып алган бабаң деп,
Чымындай сенин жаныңды
Аман койсун, алдам деп
Кан Жакып сүйлөп калганы.
Кайра басып, канкоруң
Өз үйүнө барганы.
Өскөнбай менен Ыйманды,
Ар качандан, бир качан
Айдап жылкы жыйганды:
Бачымыраак чабыңар,
Байталдан семиз табыңар,
Он эки байтал алыңар,
Камбарбоздун үйрүнөн
Ээгинен бирин чалыңар,
Эртелеп келип калыңар.
Эркегинин баарысын,
Нээти казат караткан,
Ургаачысын ар качан
Ак түлөөгө жараткан,
Дартман эмес сагынан,
Карасы эмес агынан,
Андан бирди алыңар.
Ыйман менен Өскөнбай,
Алар чыгып ат минип,
Ат минсе да бат минип,
Жылкыга жөнөп калганы.
Жыйындын баарын дүргүтүп,
Чакырып Манас алганы.
Жайлоо эмес, жаз экен,
Ачыган кымыз аз экен.
Алты азамат чаптырды,
Алты жүз меште ' кымызды
Аял кылбай таптырды.
Айылда киши калба деп
Адамдын баарын чакырды.
Жер очокту каздырып,
Жсз капкактуу казандан
Жетимишин астырып,
Күчтүү болсун арак деп
Күчаладан салдырып,
Үч элиге келгенде
Үзүп-үзүп алдырып,
Каалагандар жутушуп,
Кайраттуулар куршугуп,
Кара бою тутушуп,
Алты жүз мешке куйдурган
Алып келген кымызды
Аксакал бою балкышып,
Аны ичкен соң карпаңдап,
Аңгемени кылышты.

