ЖАКЫП ЭЛДИ ЧОГУЛТУП, АЛТАЙДАН АНЖИЯНГА КӨЧӨЛҮ ДЕП АЙТКАНЫ
Актап кызмат кылган соң
Чаяндан таптым аянды.
Кызматымды билген соң
Кызын берди өзүмө.
Кыргыз, казак олтурсуң,
Аңдап жооп бериңер
Айтып турган сөзүмө.
Айтып жооп бериңер
Олтурбаңар шүк деди.
Ошону айтып бай Жакып
Орчун топко тиктеди.
Камбардын уулу Айдаркан,
Карыядан Эштек бар.
Кан Жакыптын сөзүнө
Кайтармакка эсеп бар.
Кыпчактардын Тазы бар,
Кыргыздардан Байжигит,
Нойгуттардан Акбалта,
Ногойдун Чагоо кары бар,
Ошо топтун ичинде
Ата уулунун баары бар.
Аргын Каракожо бар,
Ата уулулар кошо бар.
Алчындан Каракесек бар,
Акылмандан отурган
Алтымыш деп эсеп бар.
Бердике туруп бек айтат,
Бербердигер кудай-аа,
Мерт кылдың Жакып деп айтат.
Дүнүйөнү чачабыз,
Кытайга тийип койдук деп
Дүрбөп кайда качабыз?
Малды бекер чачабыз,-
Маңгулга тийип койдук деп
Баш алып кайда качабыз?
Конушташ жүрүп маңгулга
Коркуп калган экенсиң!
Жакын жүрүп кытайга,
Жадап калган экенсиң!
Жайытына малыңдың
Карап калган экенсиң!
Анжыян менен Алайды
Самап калган экенсиң!
Анжыянда Алооке,
Азыр бизге жаман жоо.
Айтып-айтып болбойсуң,
Арзысаң Жакып баргын шоо.
Анжыян менен Кашкардын
Арасы кыйын улуу тоо.
Ашуусу бийик, жери тик,

