Канкор Манас баатырың
Карабөрк катын алганы.
Кан атасы Жакып бай
Калкына кабар салганы,
Акылмандын баарысын
Айлына жыйып алганы:
Нече жылга жоголду,
Эсен көргөн болдук биз
Эрбейген Манас баланы.
Эр азамат боз балдар
Бекерге кетпей талабы,
Сансып жаткан даңгыттын
Сапырылтып калаасын,
Алган болуп келиптир
Кайып кандын баласын.
Акбалта менен Бердикем,
Ак ала сакал Ошпур бай,
Акылга дыйкан Байжигит,
Айдаркан менен Саламат,
Аңдаңарчы жамагат,
Баарыңарга эп болсо,
Бай Жакып айтар кеп болсо
Алтайдан көчүп алсак дейм,
Анжыян барсак дейм,
Эгер кытай жоолосо
Арманы жок калсак дейм!
Падышадан үч кайта
Келген киши жоголду,
Бар кудайым бериптир
Баладан бирди — чогоолду.
Баштан аяк өлтүрдүң
Паашасы айткан буйругун,
Бастык бекен деп ойлойм
Ажыдаардын куйругун!
Байкаңарчы көбүңөр,
Балчык эмес, көлүңөр!
Кыйла адамдар олтурсуң,
Кыял ойлоп, өзүң бил.
Карып кетти дебесең
Кан Жакыптын сөзүн бил!
Ырасын айтсам калайык
Кыйын ишке катыштык,
Камалап каапыр кол салса,
Биз кай бири менен атыштык?
Мен кордук көрдүм жашымдан,
Ага-иниден айрылып,
Азап тартып башынан.
Маңгулда жүрдүм мал сактап,
Манжулардын журтунда
Басып жүрдүм жан сактап.
Ногой уулу туугандан
Он жетимде бөлүндүм,
Ойлоп келсем шолорду
Суудай жашым төгүлдүм.
Атам өлгөн жетиммин,
Ага, иниден айрылып
Айдоо менен кетипмин.
Азапты алдым мойнума,
Агып жашым койнума.
Бөйөндүн уулу Чаянды,
Жашында Жакып таянды.