Караанына көз жетпей
Караган көзү кайышып,
Кара талаа, боз чыбыр
Жердин бети майышып,
Күрөөкө, соот* жаркылдап,
Күлүк буудан алкылдап.
Кемерлер белде жаркылдап,
Кең багелек балкылдап,
Кетте чөрүү-кол болуп
Жөнөй берди шартылдап.
Аны таштап салыңар.
Наамандыктын элинин
Кабарын угуп алыңар.