ЖАКЫП ЭЛДИ ЧОГУЛТУП, АЛТАЙДАН АНЖИЯНГА КӨЧӨЛҮ ДЕП АЙТКАНЫ
Таамай жүз миң кол алып
Кайнатасы Кайып даң
Каптап келип калганы.
Төлгө билген Төлөгү,
Кыжылдап кырк миң кол менен
Кыраан эрге жөнөдү.
Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу
Көк жаңырган улуу чуу.
Эки жүз миң жыйырма төрт,
Бет алган жагы болор өрт.
Жыйырма төрт миң ашыгы,
Уйгурдан келген черүүгө
Кайып кан болгон баштыгы.
Казактан черүү алганы,
Айткан күнү дүйшөмбү,
Алты жүз миң кол болуп
Айдаркан баштап барганы.
Желеги туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй,
Асаба туудан бөлүнбөй,
Алтайдын бою көрүнбөй,
Найзанын учу жылтылдап,
Адамдын башы кылкылдап,
Жер союлуп былкылдап,
Желеги алтын туу болду.
Жер жарылган чуу болду,
Жеке Манас түштөнтүп
Ушу келген көп колду,
Алтайдын ара талаасы
Аскер менен жык толду.
Кебе курсак чалдарды,
Кейпи жаман балдарды,
Жарасы бар майыбын,
Барып бак деп зайыбың,
Тил чыкпаган дудугун,
Кулагы укпас мулугун,
Көзү көрбөс кароосун,
Көңүлгө толбос жадоосун,
Аягы майып чологун,
Айтышкан кепке ноногун*,
Эки жүз миң кайтарды.
Көксөө болгон карысын,
Көрүп туруп баарысын
Эгебей жарак майтарды,
Эки жүз миңди кайтарды.
Алты жүз миң кол менен,
Нааманды көздөй жол менен
Айгайлап аскер жүргөндө

