Жашын төгүп койнуна.
Абыке, Көбөш иниси
Чыркырашып ыйлашып,
Чымын жанын кыйнашып,
Чыбыктайын буралып,
Айылдагы адамдар
Алтымыштай куралып,
Үйдө киши түк калбай
Үшкүрүшүп чыгышып,
Ай туягын жыгышып,
Мууздап канын төгүшүп,
Камбылдар бычак алышып,
Буту-колун сөгүшүп.
Балта чал менен Бердике
Бай Жакыпты жандашып,
Ногойдон калган кызыл туу
Байрактарын камдашып,
Оболотуп көтөрүп,
Жекшемби өткөн күнүндө,
Дүйшөмбү келген түнүндө
Атасынын кызыл туу —
Аягын жерге сайылтып,
Асабасын бу туунун
Асман жакка жайылтып,
Бир кудайга зар айтып,
Пил баштаган нар айтып,
Атакеси бай Жакып
Антип жатып калганы,
Аңдасаңыз билерсиз,
Аманат дүйнө жалганы.
Кошойго болгон кайната,
Кошунун алып жайната,
Ат арытып жол менен,
Алтымыш миң кол менен
Мунаркан келди буркурап,
Мурун душман, азыр эл,
Жаа алдалап чуркурап,
Азыркысын эл болуп.
Аскеринин көптүгү
Аккан дайра сел болуп.
Анын арка жагынан
Каракыш шаардын Бурчагы
Каркап кырк миң кол менен
Каптап келди бу дагы.
Канчасы аяр — айлакер,
Эсебин санап биле бер.
Бегиш, Көйүш бектери,
Жети миңден кол алып
Жетип булар келгени.
Дагалактан жол алып,