Тилге жүйрүк чеченден,
Динге балбан эшенден,
Жол адашпас жерчиден,
Көз байлоочу сээрчиден ,
Атагы чыккан баатырдан,
Акылы жарым бакырдан,
Өнөрү бар өткүрдөн,
Өлүмдөн коркпос жеткирден,
Намысы бар арстандан,
Бардашы бар барктуудан,
Амал билчү аярдан,
Алардан калбай жалгыз жан,
Молтолуу дуба билгенден,
Болумдуу күлүк мингенден
Болбой жатып албасын.
Алысын көрөр көздүүдөн,
Айтышаар жүйрүк сөздүүдөн,
Акылы толук эстүүдөн
Асты неме калбасын,
Айткан Манас сөзү деп,
Аңдабай жатып албасын!
Алыс сапар жол жүрөм,
Алыкты ар кыл камдасын.
Колосолуу душмандан
Коркуп жатып албасын,
Ата жолу нускадан
Антип куру калбасын.
Келгенди аскер алармын,
Аскерден кечтеп калгандын
Келдесин кесип салармын.
Жүргөндү колго алармын,
Жүдөгөндүн баарысын
Жүлүнүн кыйып салармын.
Аттансаң аскер аламын,
Айныгандын баарысын
Азапка минтип саламын!
Уктуңарбы баарыңар.
Улуу-кичүү карыңар!
Карын-жашын каратты,
Каарданып канкоруң
Калктын баарын таратты.
Жекшемби күнү кечинде
Бай Жакыптын кызыл туу,
Байкаганга сөзү бу:
Кыргыздын кыйла тобунан
Алыс жерден калган туу,
Башкы атасы Бабыркан,
Андан калган ушул туу,
Атышканда душманга
Сала жүргөн ызы-чуу.