Аны көздөй бет алсак
Табылбас бекен биздин жик?
Көрүнөө айттым бир сөздү,
Көңүлгө албай кир сөздү.
Көбүңөр билгин муну деп
Бердике сөзү токтолду.
Мунун да сөзүн жаман деп
Айткан киши жок болду.
Байжигит шондо кеп айтат.
Бай Жакыптын өзүндө,
Баштан аяк сөзүндө
Жаманы жок деп айтат.
Мурут бар жерде сакал бар —
Мурунтадан макал бар.
Сактын саны калат деп,
Саңыроонун төгүлүп,
Сайда каны калат деп.
Кытай деген жакырга,
Кыжылдаган капырга
Кыйырына жатып албайлык,
Кылым кытай кол келсе,
Кыргын таап калбайлык.
Жетиген жагын карасак,
Жерин өлчөп санасак,
Илепси бар, Кара-Кум,
Күн чыгышы Сары-Арка,—
Күлдү баары казакта.
Күн батышка бет алып
Калбайлык бөөдө азапка.
Эдил, Нура суусу бар,
Эсен-аман ушу бар.
Оролдун узун тоосу бар,
Ошого жакын барсак деп
Бир кыйла элдин оозу бар.
Эдил, Жайык жери бар,
Эне-атабыз өскөн деп
Бир кыйла элдин кеби бар.
Кеңешип билчи баарыңар,
Кетте-кичик, карыңар.
Байжигит токтоп калганы,
Камбардын уулу Айдаркан
Калкка сүйлөп салганы:
Баштан аяк баарыңар,
Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар,
Качууну сүйүп калдыңар.
Карап турсам калайык
Үмүттү таштап салдыңар,
Үркүндү сүйүп калдыңар.
Кырып ием сени деп