Кытайдан келген кеп барбы?
Кыргыз, казак жыйылып
Ушу сөздө эп барбы?
Кагып ием жерге деп
Каңгайдан келген кен барбы?
Казак, кыргыз жыйылып
Калжырашта эп барбы,
Алтайдын тоон жөлөндүк,
Кыйла жылдан бер жакка
Кыпкызыл канга бөлөндүк,
Кыргыз, казак чогулуп
Бүгүн кыжылдап сүйлөп не көрдүк?
Так ушинтип олтурсак
Далайда болор жай алуу,
Ар качандан бир качан
Жамандын жаны аялуу,
Аябаңар жаныңды,
Айткым келди баарыңды,
Акбалта, Жакып карыңды.
Колунан келсе кызталак
Коёрбу кытай жаныңды?
Келе калса колунан
Кетирмекчи саныңды,
Кемпир менен чалыңды,
Кемшеңдетип ыйлатып
Кейитпейби баарыңды.
Жүздөн алып наарыңды,
Жүдөтпөйбү баарыңды.
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар.
Аманат берген куу жанды
Ажал жетсе өлмөк бар.
Айтып оозун жыйганча
Көсөл Манас, эр Көкчө,
Көт жагынан Жамгырчы,
Абдылда, Болот ал экөө,
Манжулуктун Шакуму,
Манаска көөнү жакыны,
Ак сакалы Айнакул —
Айтылуу Кыргыл мына бул,
Жергелешип жетөөбү
Жетип келди жыйынга.
Жыйынга келген адамдар
Калдык дешти кыйынга.
Келип Манас кеп сурайт,
Ага-иниңиз атаке,
Качан келген деп сурайт.
Кечээ келген балам деп,
Чын ушунун баарысын