Тою тарап кеткени,
Жакыптын көргүн неткенин,
Зарланып жүргөн байкуштун
Талабына жеткенин.
Ногойдун уулу Жакыптыр,
Оокатын кылып жатыптыр.
Аралдын башын жай алып,
Алтайдын тоосун таянып,
Аксы менен Күчөрдөн
Ичерине чай алып.
Иленин башын таянып,
Кара-Шаарга мал көктөтүп,
Калмактарга көптөтүп,
Казактан көрүп кордукту,
Калмактан көрүп зордукту,
Байкуш болуп азгандар
Бай Жакыпка жолукту.
Кыйладан көрүп кордукту,
Кытайдан көрдү зордукту.
Орозду хандын он уулу
Опол тоо калган жерине,
Ойрон болгон бай Жакып
Ногойдун келбей элине.
Байдын эки баласы
Басканы Кашкар талаасы.
Бай акем Жакып кантти деп,
Басылбай жүрдү санаасы.
Көз каман аты Үсөндүн,
Ал кытайга кетип түзөлдү.
Башка өсмөк болду баласы,
Баскан-жүргөн жерлери
Манжурия талаасы.
Тебиттин аркы тушунда,
Тырп чыкпай калган ошондо.
Кылыптыр кытай өкүмдү,
Кыйрынан азып бай Жакып
Кылмышы жоктон өкүндү.
Кыстоосун көрүп калмактын
Кыйналып Жакып өкүрдү.
Азган менен тозгондон,
Ата-энеден бозгондон,
Ар кайсысын бир жактан
Айдап келип кошкондон
Жетимиш болду түтүнү,
Жетип барып арыз айтып,
Жер алууга күтүндү.
Иленин башы Үч-Арал
Ататып алды жерине,
Азыркысын жайлап тур
Азоо-Белдин белине.
Айта берсе сөзү көп,
Азыр кулак салыңыз
Арстан Манас кебине.
Тойдон кийин токтолуп
Эки жыл тамам өтүптүр.
Эр Манас бойго бүткөнү
Тамам үч ай жетиптир,
Байбиченин көңүлү
Башкага ооп кетиптир.
Өз тамагы эсте жок,
Же көрүнүүчү көзгө жок,
Бал, шекерге карабайт,
Башка тамак жарабайт,
Жесем деп жолборс жүрөгүн,
Мындан башка санабайт.
Жетпейт жолборс жүрөгү,
Жинди болуп байбиче
Жеригинен жүдөдү
Жылкычы кабар бергени:
— Каңгайдын Кара мергени
Бир жолборс атты дегени.
Жолборсту атып салды деп,
Терисин сыйрып алды деп,
Боор-жүрөк, башка эти
Кош жанында калды деп.
Айтканын Чыйыр угуптур,
Алдынан чурап чыгыптыр.
Барып калды Чыйырды
Жылкычынын жолуна,
Кара кулак чоң жамбы
Кармай барды колуна.
— Кайыптан дүйнө тап деди,
Карап турбай, жылкычым,
Кайта ылдамдап чап деди.