Жашырып-жаап жүрбөгүн,
Жарып жолборс жүрөгүн,
Алып кел деди өзүмө,
Ата-энеден сен жакын
Көрүнөсүң көзүмө,
Каалаганың баарысын
Канчада берем өзүңө.
Байбиче айтып бу кепти
Жылкычысын жиберди.
Жылкычы буга таң калды,
Акысына жамбы алды.
Ара конуп ортого,
Ал жылкычы сандалды.
Барса жолборс жатыптыр,
Зыңкыйып муздап катыптыр.
Жолборстон жүрөк алганы,
Жолго кайра салганы.
Жол боюнда бир бээ
Телиден өлүп жатыптыр,
Жылкычылар жыйылып
Аны союп атыптыр.
Анын да алды жүрөгүн,
Экөөн бирдей бермекке,
Байбиченин бул ишин
Байкап сынап көрмөккө.
Жылкычы жолго салганы,
Эртесинде түш ченде
Жылкычы келип калганы.
Жылмайып басып байбиче,
Элечектен каш чыгып,
Эки көздөн жаш чыгып
Байбиче келип турганы.
Жылкычы аты Бадалбай,
Байбиче келип кеп айтат,
Бадалбай балам деп айтат,
Эки жүрөк эмине?
Жолборстор жолго жатканбы,
Каңгайдын Кара мергени
Катарлап экөөн атканбы?
Же мал жүрөгүн жолборс ден
Башынан шорум катканбы?
Айт, Бадалбай балам, дейт,
Аныктап сурап алам дейт.
Байбиче сүйлөп салыптыр,
Жүрөгү деп жолборстун
Бадалбай айтып калыптыр.
Алдам азыр турбайбы,
Жалган айтсам жашаймбы,
Аксиң * мени урбайбы.
Кыласызбы дары деп,
Кыйла барктап аны деп,
Кызарып агып турбайбы
Жүрөгүнүн каны деп
Бадалбай айтты баянды,
Байбиче көөнү жай алды.
Челкеңдей басып байбиче
Челекке суусун алганы,
Оозу капкак жез казан
Эки жүрөк салганы,
Чала-була бышырып,
Жанга бербей жалмады.
Сонун экен бу да деп,
Сорпосун ичем жуда * деп,
Эки аяктай сорпосун
Немесин койбой жалмады.
Байбиченин талгагы
Магдырап канып калганы.
Байбиче жыйды эсини,
Байкап уккун баягы
Бай Жакыптын сөзүнү.
Эр Манас бойго бүткөнү
Тогуз айга жетиптир.
Тогуз ай, тогуз күн болуп,
Толгоо жаңы киргени
Бейшемби кечи түн болуп.
Курсакка бала бүткөнү
Кубаттанды Жакып чал,
Аман-эсен тууса деп
Назырга * айткан канча мал.
Карынга бала бүткөнү
Кайраттанган Жакып чал,
Каралдым аман тууса деп
Назырга * айткан канча мал.
Акбоздон бээ союлду,
Алтындан бакан коюлду,
Аны сайын байбиче
Айгайын салып чоюлду.
Коңшунун баары жыйылды,
Козголгон сайын байбиче
Кокуюн айтып ыйынды.
Ордого толо жыйылды,
Ойбоюн айтып ыйынды.
Бала туур бекен деп
Бай Жакып жүрөк дегдеди,
Бала койсо чиренип
Байбиче бою тердеди.
Бала катуу чиреди,
Байбиче бакан тиреди.
Бекем туйлап кеткенде
Басып тарткан катындар
Башы жерге киреди.
Байбиченин ичинде
Ажыдаарбы, жолборспу,
Же адамдан арга болбоспу?