Бала туйлап кеткенде
Байбиче көзү сүзүлдү,
Белдемчинин жакасы
Беш жеринен үзүлдү.
Алып келип бай Жакып
Аксары башыл кой чалды,
Ай туякка бээ чалды,
Ай мүйүзгө уй чалды,
Айры өркөчкө төө чалды.
Аны сайын байбиче
Айгайын баспай үн салды:
— Менин жанымды жечү балабы?
Же жарып ичтен алабы?
Бул башымды жечү балабы?
Бай Жакып жесир калабы?
Же, жабыр баян * шер беле?
Же, менин жатарым кара жер беле?
Жараткан Жапар кудайым,
Мени кандай жалмачу бала берди эле?!
Баканды кармап бакырды,
Бакшы менен бүбүдөн
Немесин койбой чакырды.
Түндүктү карап түйүлдү,
Көргөндөр жандан түңүлдү.
Жети күн тартты толгоону,
Жергеси чарчап болгону.
Алты күн тартты толгоону,
Айлы чарчап болгону.
Толгоосу эми толду деп,
Туур күнү болду деп
Бердикенин катыны
Беленденип калыптыр,
Дамбылданын катыны
Даярданып алыптыр,
Акбалтанын катыны
Азыр болуп калыптыр.
Кутубайдын катыны
Курсагын оңдоп калыптыр,
Кудай берсе тубар деп
Куруп калган Жакыптын
Кулагына салыптыр.
Байбичең тууйт дегенде
Бай Жакып ыйлап каңгырап,
Бакырып ыйлап заңгырап:
— Баласы жоктон жүдөдүм,
Эркек деп бирөө жүгүрсө
Жарылып кетер жүрөгүм.
Ботосу жоктон майышып,
Боздоп жүрдүм кайышып,
Сүйүнчү десе бир-адам
Тура албасмын тайышып.
Өзүмдү өзүм жайлайын.
Өңкөй бышты кара боз
Элүү-кыркты байлайын.
Айылга туруп нетейин,
Адырга чыгып кетейин,
Токтолуп туруп нетейин,
Тоого чыгып кетейин.
Жыгылсам да, талсам да,
Же кайрат кылып калсам да
Элге шылдың болбостой
Ээн жакка барайын,
Алыстан айыл карайын,
Айткандан кабар алайын.
Ушуну айтып бап Жакып
Кыл аркан керме шайлатты,
Кырк кара боз быштыны
Кыдырата байлатты,
Жетпей калса минсин деп
Жети кур ат байлатты.
Эркек болсо, эр болсо,
Кыз болбосун не болсо,
Кыз болсо үйдө калыңар,
Кыймылдаба баарыңар.
Эркек болсо чабыңар,
Талаадан мени табыңар.
Сүйүнткөн болсо кудайым,
Сүйгөнүңдү алгын жудайын *
Кубанткан болсо кудайым
Кур аттан берем жудайын.
Эркекпи деп, кызбы деп
Аныктап алып чабыңар,
Арадан мени табыңар.
Айтып Жакып аттанды,
Атты байлап койду деп
Айылдагылар шаттанды.
Жакып бай жолго салыптыр,
Жорго боз айгыр үйүрү
Жолунан чыгып калыптыр.
Кара жалдуу кула бээ
Кайкалактап алыптыр.
Кайдан келди булар деп,
Как ушу бүгүн тубар деп,
Тоо башына токтобой
Болуп жүрчү эле улар деп,
Болду, акыр болбоду
Кула бээм азыр тубар деп,
Эркек болсо кулуну
Энчилейин балама,
Эгем таада кудурет
Жеткирер бекен санаама?!