Кыйкырса Жакып кыңк этпейт,
Кыймылдатса былк этпейт.
Акбалта чочуп калганы,
Ак калпакты колго алып,
Майпаңдай басып Акбалта
Аккан сууга барганы.
Басып келип Акбалта
Талып калган Жакыптын
Көөдөсүнө бүрккөнү.
Көтөрдү башын бай Жакып,
Суудан бою үрккөнү.
Сурады Жакып Балтадан:
— Акбалта чалым неттиң деп,
Сен кай жактан жеттиң деп,
Келгенде мени неттиң деп.
Суу бүрктүң менин өзүмө,
Эч эчтеңке көрүнбөйт
Караган менин көзүмө,
Кандайлыктан талганым
Билинбейт менин өзүмө.
Өзүң келдиң не үчүн?
Өзөгүм өрттөй күйүптүр,
Сени сүйлөсө экен деп
Кулагым кепти сүйүптүр.
Не жүрөсүң Балта чал,
Кебиң болсо айта сал?
Айтпадымбы сага деп,
Эркек тууду катының,
Не бересиң мага деп?
Акбалта айтып салганы.
Анык бекен, чынбы деп,
Айта көр Балтам чынды деп,
Эркек бекен перзентим,
Көзүң көрүп чыктыбы?
Же карап анык көрө албай
Катындардан уктуңбу?
Кайтып айтчы чалым деп,
Бай Жакып сурайт дагы кеп.
Акбалта сөзүн баштады,
Тең курбуң Жакып шашпады,
Уккан сайын Жакып чал
Бурчактай көзүн жаштады.
— Байбичең тууду эркек уул,
Байкасаң Жакып сөзүм бул.
Баркыраган добушу
Тай чабым жерден угулду,
Олтурат элем үйүмдө,
Опколжуп келип жүрөгүм
Оозума тыгылды.
Каралашкан катындар,
Кармалашкан келиндер,
Кошо жүргөн зайыптар,
Кошоматчы кишилер,
Жашы менен кары айтат,
Жалпы адамдын баары айтат:
— Курсакты катуу сүздү дейт,
Эки колун толтура
Кан чеңгелдеп түштү дейт.
Орогондо чиренсе
Отуздагы кишидей
Ошондо да күчтүү дейт.
Бала да болсо мыкты дейт,
Байбиченин боорун
Балчыктай кармап чыкты дейт.
— Ай, нени айтасың Акбалта,
Жанчыгымда бар эле
Сары алтындан бир калта,
Санап сага берейин
Жайытта малдан бир канча.
Сүйүнчү дейсиң, жакшы кеп,
Сүйүнгөн менен бай Жакып,
Чынын айтсаң болбойбу
Дүнүйөңдөн какшы деп.
Ай ботом, өлөңдүү жерге өрт койгон
Бир өткүр бала десеңчи
Өз журтума чуу салчу
Жеткир бала десеңчи.
Кара сууга кан куйган
Бир каңкорду тууган белем да
Калайыкка чаң салган
Анткорду тууган белем да.
Байбичемди өлтүрчү
Ажалды тууган белем да,
Баш бербеген дүйнөгө
Бир тажаалды тууган белем да!
Эр өлтүрүп соёр да,
Кункор кылып коёр да,
Нар өлтүрүп соёр да,
Пулкор кылып коёр да.
Кызыл-тазыл көрүнсө
Кыздардан ала качар да,
Малымды суудай чачар да.
Баласы боорун алыппы,
Же ботом, байбичем аман калыппы
Анда Акбалта кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
— Балам жок дейсиң майышып,
Карам жок дейсиң кайышып.
Балага жаңы жетесиң,
Бай Жакып байым нетесиң?
Баладан малды жуук көргөн
Бакыл киши экенсиң.